«Мекенчилдин» Кара-Суудагы штаб башчысы президентке кайрылуу жасады

Төлөгөн Келдибаев

1-октябрда «Мекенчил» саясий партиясынын Ош облусунун Кара-Суу районундагы штаб башчысы Төлөгөн Келдибаев фейсбукта кайрылуу жасады. Анда Келдибаев аталган райондо «шайлоого карата мыйзам бузуу, адам укугун басмырлоо аракеттери күч алды» деп билдирген.

Ошондой эле, анын айтымында Кара-Суудагы шайлоо участкаларында байкоочулар отурган жай менен добуш берген кутучанын аралыгы жакын жайгашкан. Мындан сырткары шайлоо кутучасынын жанына атайын алдын ала даярдыктан өткөн адамды коюу аракеттери болуп жататкандыгын айткан. Ал адам шайлоочу кайсы партияга добуш бергендигин кызыкдар партиянын өкүлүнө маалымдап тураарын айтат.

«Мындай аракеттерден корккон жарандар өзү каалаган партияга добуш бере албайт. Урматтуу президент, Конституциянын гаранты катары шайлоочулардын добуш берүү, эркин тандоосун камсыз кылып бериңиз. Ар бир жарандын эркин тандоо, добуш берүү укугун чектегенге эч кимдин укугу жок. Мындай мыйзам бузууларда алдын албасак шайлоонун таза өтүшүнө шек санап, шайлоонун жыйынтыгын кээ бир саясий париялар тааныбай коюушу мүмкүн», — деген Келдибаев кайрылуусунда.

Келдибаев «Клооптун» журналистине Кара-Суудагы шайлоо участокторун байкоочулар менен кыдырып чыккандан кийин жогоруда аталган мыйзам бузууларга күбө болгонун айтты.

«Менин кайрылуумдагы айткан сөздөрүм 4-октябрда далилденет болуш керек. Шайлоочулар өзүнүн жана жакындарынын коопсузудугун ойлоп, өздөрү каалаган партияларды шайлай албай калышы мүмкүн», — деди Келдибаев.

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда боло турган шайлоого карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда президент боло турган шайлоо «элдин эркин тандоосун акыйкат чагылдырган, адилет шайлоо болуусу зарыл деп» билдирди.

Ошондой эле, ат салышып жаткан партиялардын лидерлерине жана талапкерлерине да кайрылып, үгүт иштерин жүргүзүү үчүн бардык партияларга бирдей мүмкүнчүлүк берилгендигин белгиледи.

«Эми, шайлоо мыйзамдарынын чегинен чыкпагыла. Добуш сатып алуу — мыйзам алкагында жазаланарын эсиңерден чыгарбагыла! Кандай гана күрөш болсун, жеңген тарап менен бирге, жеңилген тарап да болот. Жыгылган күрөшкө тойбойт дегендей, жеке амбициясына алдырып, жеңилгендер элди бөлүп-жарууга, коомдун тынчтыгына доо кетирүүгө барбайт деп ишенебиз», — деген Жээнбеков.

Кара-Суу району

Ош облусунун Кара-Суу районунда 440 миңден ашуун калк бар. Бул Талас менен Нарын облусунун калкынын санынан да көп, дээрлик Ысык-Көл облусунун калкы менен барабар.

Кыргызстанда таасирдүү делген Матраимовдордун үй-бүлөсү Кара-Суу районунан болот. Ушул үй-бүлөгө тиешеси бар экени айтылган «Мекеним Кыргызстан» партиясы да парламенттик шайлоого катышууда. Матраимовдордун арасынан эң эле белгилүүсү бул — бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов.

Кара-Суу районун ага-ини Матраимовдордун бири Тилек башкарып келет. Матраимов аталган кызматка 2012-жылы дайындалган. Буга чейин соцтармактарда Тилек Матраимов «иштен кетүү тууралуу арызын жазды» деген маалыматтар тараган.

Анткен менен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов бул маалыматты төгүндөп, ал бир айлык эмгек өргүү алганын айтты. Матраимов өзү «Турмуш» басылмасына шайлоо алдында, 24-сентябрь күнү, эмгек өргүүсүн алганын ырастаган. Анын себебин ден соолугу менен байланыштырган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 партия ат салышууда.