«Реформанын» лидери фейк SMS үчүн уюлдук операторлор менен соттошууга даяр

Парламенттик шайлоого үч күн калганда «Билайн», «О!» жана «Мегаком» уюлдук операторлорунун абоненттерине «Реформа» партиясын ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоого байланыштырган SMS билдирүү келе баштаган.

Бирок, «Реформа» партиясы колдонуучуларга мындай билдирүү жиберген эмес жана аларда кыргызстандыктардын маалыматтарын алууга таптакыр мүмкүнчүлүк жок. Мындай билдирүү алган жарандар партиянын атаандаштары ушундай ыкма менен шайлоочулардын гомофобдук реакциясын жаратууга аракет кылышууда деген ойлорун билдиришкен.

«Реформанын» өкүлдөрү бул учурду териштирүү өтүнүчү менен БШКга жана укук коргоо органдарына кайрылышты, ал эми партиянын лидери Клара Сооронкулова «Мегаком» менен соттошууга даяр экенин билдирди.

Давно хотела судиться с Мегаком. Теперь берегитесь, мы Вам устроим тяжбу века.

Posted by Клара Сооронкулова on Thursday, October 1, 2020

Боршайкомдун мүчөсү Гүлнура Журабаева уюлдук операторлордун аракеттерине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрылгандыгын маалымдады. «Мегаком» уюлдук операторуна ээлик кылган «Альфа Телеком» ЖАКы чагым ишке тиешеси жок экенин жана саясаттан четте тураарын кабарлады.

«Компаниянын техникалык адистеринин маалыматына ылайык, MegaCom түйүнү аркылуу таратылды делген чагымчыл SMS-билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жайгашкан эл аралык компания тарабынан, оператордун тармактарында катталбаган номерден ондогон абоненттерге жөнөтүлгөн.

Мындай SMS-билдирүүлөр көбүнчө жөнөтүүчүнүн атын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берген атайын тиркемелердин жардамы менен ишке ашырылат. Бул "Альфа Телеком" ЖАКынын аброюн түшүрүүгө кызыкдар адамдардын жана компаниялардын чагымчылык аракеттери болушу мүмкүн», — деп билдиришти компаниядан.

Ошол эле учурда, «Мегакомдун» кыйыр түрдө боло турчу парламенттик шайлоо менен байланышы бар. «Биримдик» партиясынын талапкерлеринин сап башында «Мегакомдун» экс-башкы директору Акылбек Жамангулов турат, ал эми партиянын үгүт материалдарын тайпаларга таркаткан фейк аккаунттардын көбү тайпаларда буга чейин уюлдук оператордун материалдарын жарыялап келишкен.

Кийинчерээк «Билайн» оператору дагы бул окуяга тиешеси жок экенин билдирди. Компаниянын версиясы боюнча, SMS билдирүү SMS-агрегатордон келип түшкөн жана контенттин мазмуну үчүн жоопкерчилик ошол агрегаторго таандык.

Кыргызстандын ЛГБТ уюмдары шайлоого бараткан партиялардын жана талапкерлердин бири менен да кызматташпаганы тууралуу билдирүү жасашты. Шайлоо өнөктүгү учурунда ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү саясий манипуляциялоонун куралы болуп калышууда.

Кыргызстандын Конституциясы боюнча, жыныс, раса, тил, саясий көз карашы жана башкалар боюнча басмырлоого тыюу салынган, ал эми укук жана эркиндик жогорку баалуулук болуп саналат. Иш жүзүндө жогорку баалуулук тандалма болуп келет: ЛГБТ, башка улут, диний агымдардын жана башкалардын өкүлдөрү басмырлоого кабылышат.

Шайлоо алдында соцтармактарда толуп кеткен фейктердин көбү шайлоого кийлигишпеген ЛГБТ коомчулугуна тиешелүү болгон терминдерди кастык тил үчүн көп колдонуп келишет. Шайлого чейин эле фейктер антикоррупциялык митингдердин өзүнчө катышуучуларын ЛГБТ коомчулугу менен байланыштырып, элде гомофобдук реакция жаратуу максатында кодулашкан.

Ушундай эле ыкманы алар үгүт иштери учурунда да колдонушкан — эгемендик үчүн митингден кийин фейктер жөө жүрүштүн модератору Улан Үсөйүндү кодулоого аракет кылып, фотошоптон жасалган жылаңач сүрөттөрдү, коллаждарды жана кастык тилге толгон постторду жарыялай башташкан. Фейктер мындай жол менен митингди гана эмес, «Реформа» партиясын дагы жаман көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Кийинчерээк Улан Үсөйүн «Биримдик» партиясы өзүнүн фейсбуктагы расмий барагында башка партиялар тууралуу фейк маалымат бөлүшкөнүн видеого тартып алып жарыялаган. Эгемендик үчүн митинг «Биримдик» партиясынын лидери Марат Аманкуловдун айткан сөздөрүнөн улам өткөн. Митинг күнү тычтык маршы тууралуу макалаларда жана трансляцияларда фейк аккаунттар чогулушкан жана алар ал жакта ЛГБТ коомчулугу тууралуу кастык терминологияны колдонушкан.

«Биримдик» фейсбуктагы барагына фейктердин активисттер тууралуу «чагымчыл» билдирүүлөрүн бөлүштү