«Биримдик» фейсбуктагы барагына фейктердин активисттер тууралуу «чагымчыл» билдирүүлөрүн бөлүштү

Расмий баракчадан бөлүшүлгөн фейктин постундагы Үсөйүндүн сүрөтүнөн жасалган чагымчыл карикатура.

Жарандык активист Улан Үсөйүн 28-сентябрда өзүнүн фейсбук баракчасына «Биримдик» партиясынын расмий барагынан бөлүшүлгөн постту видеого тартып жарыялады. Анда партиянын баракчасына фейк аккаунттардын Үсөйүн тууралуу жазылган билдирүүлөрү бөлүшүлгөнүн көрүүгө болот.

Фейк аккаунттар 27-сентябрда «Биримдиктин» лидери Марат Аманкуловдун билдирүүсүнө каршы өткөн тынчтык акциясынын катышуучулары жана Улан Үсөйүн тууралуу пост жазып, аларды «гейлер» жана «батыштын кулдары» деп аташкан. Ошондой эле Үсөйүндүн сүрөттөрүнөн «чагымчыл» карикатура жасашкан.

Алар жазган постторунда Аманкуловду жакташып, Орусияга «эч ким кошулабыз дебегенин» бирок «кызматташуу абзел» экенин белгилешкен.

«Билесинерби кыргыздын миллиондон ашык жараны Орусияда мигрант, алар жылына өлкөбүзгө миллиардаган доллар акча салат. Орусия азыр биздин мигранттарга канча жеңилдик берген. Андыктан ойлонолу, газ, бензин менен бизди Орусия камсыз кылат. Эмне Америка бизге бензинди учак менен ташып бермек беле. Атаңдын чокусуна багабы бизди АКШ», — деп жазган фейктердин бири.

Ошондой эле ал постунун аягында акын Алыкул Осмоновдун Орусия тууралуу жазылган төмөнкү ырын келтирген:

Эй, Россия, Россия, бир боор энем!

Мен өңдүү тоо кушуна койнуң кенен,

Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм,

Биз элбиз, биз кишибиз – сени менен.

Марс Черикчиев, Adilet Sultanaliev, Aida KasymalievaБуга кандай жооп бересиңер? Фейктер жасаган маалыматты...

Posted by Ulan Usoiun on Sunday, September 27, 2020

«Биздин намысыбызга шек келтирген билдирүүлөрдү расмий баракчага бөлүшүп жатышат. Билдирүүнү жазган ким десеңер, бул фейктер. Биздин бийликчил делген, башкаруучу партия деп өзүн атап жаткан “Биримдик” ушундай маалыматтарды бөлүшүп жүрөт», — деген Үсөйүн.

Активист партиянын басма сөз катчысына жана айрым мүчөлөрүнө кайрылып, мындай билдирүүлөрдүн расмий баракчага кандайча бөлүшүлүп калганын түшүндүрүп берүүнү талап кылган.

«Буга кандай жооп бересиңер? Фейктер жасаган маалыматты “Биримдиктин” официалдуу баракчасына бөлүшүп жатасыңар. Же бул да “контекстен бөлүнүп” же “техникалык ката” болуп калдыбы? Тиги посттордо адамдын жеке ар-намысына шек келтирген сөздөр турат. Фейктерге го теңелбейм, бирок силер бөлүшкөнүңөр кандай?» — деп суроо салган ал.

«Биримдиктин» расмий баракчасына бөлүшүлгөн посттор өчүрүлгөн. Ал эми партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев фейк аккаунтардын билдирүүлөрүнө алар да туш болуп жатканын айтты. Ал эми Үсөйүн тууралуу бөлүшүлгөн постту «биздин баракчага тиешеси жок» деп гана жооп берди.

«Тилекке каршы биз баарыбыз фейк аккаунттардын чабуулдарына туш болуп жатабыз. Бул иш менен өзүнүн күчүнө ишенбегендер алектенип жатышат», — деди ал.

Анткен менен видеодо фейктердин билдирүүсү партиянын расмий баракчасына бөлүшүлгөнү даана көрүнүп турат. Басма сөз катчы «чагымчыл» посттор кандайча баракчага бөлүшүлүп калганын түшүндүргөн жок.

Айрым социалдык тармактын колдонуучулары Аманкуловду жактап пост чыгарып аткан фейк аккаунттар «Биримдик» партиясынын өзүнө таандык деп божомолдошууда.

«Биримдиктин» лидеринин талкууга алынган сөзү

Буга чейин 26-сентябрда соцтармактарда партиянын лидери Марат Аманкулов сүйлөп жаткан видео тараган. Анда ал «Евразиялык экономикалык биримдик түзүлгөнү менен калктардын ортосунда байланыш жетишсиз болуп жатканын, ал азырынча элдик уюм эмес экенин» билдирген.

«30 жылдык көз карандысыздыгыбыз ойлонууга жана кайтууга мезгил жеткенин көрсөттү», — деген ал.

Ошондой эле тасмада, Аманкулов өзү төрагалык кылган «Биримдик» партиясы тууралуу айтып, анын башкы идеясы «евразиячылык» экенин, алар ошого умтуларын кошумчалаган.

Ал эми Аманкулов анын сөздөрү контексттен кесилип алынганын, анын билдирүүсүн шайлоо алдында каралоо үчүн колдонуп жатышканын билдирген.

Видео коомчулукта кызуу талкууга алынып, колдонуучулар Аманкуловду сөздөрү үчүн «кулга теңеп» сындашкан. Ошондой эле, тасма тарагандан кийин Бишкек жана Ош шаарларында «Кул болбо» аталышында тынчтык нараазычылык акциясы өтүп, ага бир нече партиялардын талапкерлери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана кайдыгер эмес кишилер катышты.

Митингге келгендер УКМКга даректелген арызга кол топтошуп, саясатчынын айткандарына баа берүүнү талап кылышты. Иш-чара тынч өтүп, партия өкүлдөрү жана активисттер сүйлөштү. Айрымдары Аманкуловдон кечирим суроону талап кылышса, башкалары бул аздык болот деп, депутатты жоопкерчиликке тартыш керектигин айтышты.