Алдын ала жыйынтык: Бардык аймактарда «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» алдыга чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын чыгарып жатат. Учурда жалпысынан 1,8 млн добуш саналды. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын бардык аймактарында «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдик» алдыга чыкты.

Ошондой эле, алдын ала жыйынтык боюнча 7 пайыздык босогодон «Биримдик» (24,8%), «Мекеним Кыргызстан» (24,45%), «Кыргызстан» (9%), «Бүтүн Кыргызстан» (7%) жана «Мекенчил» (7%) партиялары өттү.

Эгер пайыздар ушул боюнча кала турган болсо парламенттеги 120 орун мындай бөлүштүрүлөт:

Шайлоонун расмий жыйынтыгы бюллетендердин бардыгы колго саналгандан кийин гана чыгат. Ошентсе да, анын жыйынтыгы автоматташтарылган урналардан алынган маалыматтар дээрлик өзгөртпөйт.

Жогорку Кеңештин депутаттары беш жылда бир шайланат.