«Бүтүн Кыргызстан» биринчи, «Мекенчил» экинчи. Түштүк-Сахалинде шайлоо жыйынтыкталды

Социалдык тармактарда №9013 шайлоо участогунун жыйынтыктоочу отчётунун сүрөтү жарыяланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, №9013 шайлоо участогу Орусиянын Түштүк-Сахалин шаарында жайгашкан.

Түштүк-Сахалин менен Кыргызстандын ортосунда беш саат айырма бар.

Отчётко ылайык, 330 шайлоочулардын 127си «Бүтүн Кыргызстанга» добушун беришкен. Ошондой эле, «Мекенчил» — 27, «Ыйман Нуру» — 15, «Ата Мекен» жана «Чоң Казат» партияларга 14төн шайлоочу добуштарын берген. Калган партиялар төрттөн кем добуш алган.

4-октябрда Кыргызстан парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 партия ат салышууда. Шайлоо участкалары чет мамлекеттердеги Кыргызстандын элчиликтери жана консулдуктары жайгашкан имараттарда дагы ачылган.

LIVE: Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жүрүшү