Бир кадр менен: Бардык шайлоочулардын добушун алган «Биримдик»

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда №5011 шайлоо участогунда бир да шайлоочу калбай бардыгы добуштарын Сооронбай Жээнбеков менен байланыштырып жатышкан «Биримдик» партиясына беришти. Бир тууган Жээнбековдор дал ушул Кара-Кулжада туулган: депутат Асылбек Жээнбеков жана өлкөнүн президенти.

Добуш берүү отчетунда көрүнүп тургандай, бул райондогу добуш берүүгө укугу бар бардык 2 412 кыргызстандыктын ичинен 1 487 адам добуш берген, бирок бир бюллетень жараксыз болгон.

Калган 1 486 бюллетендин бардыгында «Биримдик» партиясы белгиленген. Башка партиялардын аталыштарында нөлдөрдү гана көрүүгө болот.

Алдын ала эсеп боюнча, азыр биринчи орунду да «Биримдик» ээлейт — 24,8%, ал эми экинчиде 24,45% добуш менен «Мекеним Кыргызстан» турат.