Ош: «Клооптун» кызматкерлери аларга кол салган кишини спортчу Достук Жолдошов деп таанышты

Достук Жолдошов

Ош ШИИБи «Клооптун» кызматкерлерине болгон кол салуу боюнча «Журналисттин ишине тоскоолдук кылуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

4-октябрда саат 14:30 чамасында «Клооптун» оператору Хамидулло Узаков калаадагы №5316 шайлоо участогунда түз эфир жасап жаткан учурда белгисиз киши анын ишине тоскоолдук кылып, бир эки жолу чаап, телефонун тартып алганга аракеттенген.

Ошто «Клооптун» журналисттерине кол салуу болду

Ошто №5316 шайлоо участогу жайгашкан «Памир» кафесинин жанында чымыр денелүү балдар эч бир себепсиз «Клооптун» журналисти Хамидулло Узаковго кол салышты. Алар камераны тартып алууга аракет кылып, андан соң телефонду тартып алышкан. Анткен менен жакын жерде турган милиционерлер чара көрүшкөн эмес. Бир нече убакыттан кийин кабарчыга телефонун кайтарып беришкен.https://bit.ly/30x4CUC

Posted by Kloop кыргызча on Sunday, October 4, 2020

Ошол учурда милиционер келген. Узаков ага кайрылып журналист экенин айтып, чара көрүүнү суранган. Бирок милиционер «достордун ортосунда жаңжал чыгып кетти» деп ойлогонун билдирген. Ошону менен белгисиз кишиге эч кандай чара колдонулган эмес. Журналистке кол салган киши бир нече убакыттан кийин участоктон изин жашырган.

Экинчи кол салуу да түз эфирге кайрадан чыкканда орун алып, анда белгисиз башка киши келип «Клооптун» журналисти Айбике Адилет кызынын телефонун тартып алууга аракет кылган.

«Мага кол салган бала сиз менен чогуу жүрбөдү беле. Ошол бала кана?», — деп операторубуз суроо узатканда белгисиз киши колундагы телефонун тартып алган.

Телефонду колуна көтөрүп алган бойдон ал шайлоо участогунун аймагына кирип кеткен. Операторубуз анын артынан барганда качып телефонду башка бир аялдын колуна карматып жаткан учурда Узаков телефонду өзүнө кайра кайтарган.

«Мен телефонду кайтарып кайра түз эфирге чыгууга аракет жасаган маалда мени көздөй сөгүнүп келе жатты. Милиция турган жерге бара жатканымда белгисиз киши кесиптешим Айбике жакка басып, аны колунан кармап телефонун тартып алууга аракет кылды. Ортодо кишилер арачалаганга аракет кылганда ал бала качып кетти», — деп түшүндүрдү Узаков.

Кол салуу болуп жаткан маалда Адилет кызы ошол жердеги укук коргоо органдарынын кызматкерлеринен жардам сураган. Бирок алар алгач реакция кылбай, чыр аягына чыгып калганда, кол салган киши качып кеткенден кийин гана ыкчам топту чакырган.

«Мен Хамидуллонун артынан бара жатканда, ага кол салган киши мени күчкө салып, кучактап телефонумду тартып алганга аракет кылды. Ал мага күч колдонууга аракет кылып жатканда ошол участокко шайлоо үчүн келген байкем байкап калып, мени андан сууруп чыгууга аракет кылды. Мен байкеме “журналисттик милдетимди аткарып жатканымды түшүндүрүп” мага кол салган кишинин артынан чуркап жөнөдүм. Ал шайлоо участогуна кирген бойдон дайынсыз болуп кетти», — деди Адилет кызы.

Милиция кол салган кишинин ким экенин ачыктаган жок

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков окуяга тишеси бар бир жаран милицияга алынып келингенин айтты. Өз көрсөтмөсүндө аталган жаран «менден уруксат сурабастан мага чагым кылып видеого тартты. Эч кандай журналист экенин билген жокмун. Бейджик жана жилети жок болгон» деген.

Бирок «Клооптун» кызматкерлери бейджиктерин тагынып жүрүшкөн. Бул тасмага да түшкөн.

«Атайын ыкчап тергөө тобу барып кол салды деген жаранды жана кол салуунун курмандыгы делген журналисттерди дагы алып келди. Эки тарап тең көрсөтмө берип жатат. Узаковдун денесине кетирилген жаракатты аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди Сыдыков.

Ал ошондой эле, окуя болгон учурда иш алып барган милиционерлер «кесиптик ишине шалаакылык менен мамиле жасаган болсо» кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, тиешелүү чара колдонулат деп ишендирди.

Бирок милициядан кол салган киши ким экенин, кайсы бир партияга тишеси бар-жогун ачыктоодон баш тартышты.

«Клооп» кабарчыларына кол салган кишилердин бирөөнү тапты

«Клооптун» кызматкерлери аларга кол салган экинчи кишини тапты. Түз эфир учурунда анын жүзү тасмага түшүп калган. Жабыр тарткан кесиптештерибиз ал киши Достук Жолдошов деп эсептешет. Анткени анын өң-келбети Жолдошовго абдан түспөлдөшөт. Видеого түшүп калган тоскоолдук кылган кишинин да эки кулагы сынган.

Жолдошов — грэпплинг боюнча Орто Азия чемпиону. Ошондой эле, бир нече эрежесиз эр уруш турнирлеринин катышуучусу.

Сүрөт: Достук Жолдошев (сол жакта) «Ош-Тазалыктын» жетекчиси Нурбек Исмаилов менен (оң жакта)

Достук Жолдошовдин «Ош-Тазалыктын» жетекчиси, мурдагы мушкер Нурбек Исмаилов менен да байланышы бар — анын фейсбук баракчасында алардын бирге түшкөн сүрөттөрүн көрүүгө болот. Мындан сырткары, Жолдошев «Ош-Тазалыкта» иштеп жаткан деген маалымат бар, бирок учурда мушкер ал жерде иштеп жатканы белгисиз.

Ал эми Нурбек Исмаилов буга чейин «Биримдик» партиясынын Оштогу офисинде байкалган. Журналисттер Исмаиловдон эмне себептен партиянын штабына келгенин сураганда ал «Биримдиктин» талапкери экенин айткан.