Видео: Аксыда «Биримдик» партиясы «1000 сомдон таратканы» айтылды

«Region» телеканалынын фейсбук баракчасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда тартылган тасма жарыяланды. Тасмада шайлоочулардын бири «Биримдик» партиясын шайлаганы үчүн 1000 сом алганын айткан.

Биримдик алга

Posted by Mirbek Umetaliev on Saturday, October 3, 2020

— Эже, токтосоңуз. Кайсы партияны шайладыңыз?

— «Биримдик».

— «Биримдик»? Канча алдыңыз?

— 1000 сом.

— 1000 сомго келдиңизби? Уят болупсуз да.

Кийинчерээк видеонун авторуна кара кийимчен белгисиз киши келип, «адашып калыпсыз» деп айтты. Видеого шайлоочуларды ташып келген кичи автобус да тартылып калган.

«Мунун баары “Биримдик”. Азыр ушулардын арасынан бир аялдан интервью алдык. Акча алып кетип жатышат. Бусик келип, ушул жерде акча таркатып жатат», — деди видеонун автору.

Бул боюнча «Биримдик» партиясынан жана укук коргоо органдарынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.