Эл аралык байкоочулар Кыргызстандагы шайлоо ачык-айкын өттү деп баалады

Эл аралык байкоочулар президент Сооронбай жээнбеков менен жолукту

4-октябрда Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо салган эл аралык байкоочулардын тобу шайлоо ачык-айкын, адилеттүү өткөнүн белгилешти. Алар мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда айтышты.

Ошондой эле, шайлоо процессинде ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча иштер жогорку деңгээлде уюштурулганын белгилешти.

Жээнбеков 5-октябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоонун өтүшүнө мониторинг кылган КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТүркПА жана ТМККнын эл аралык байкоочу миссияларынын башчылары менен жолуккан.

Өз кезегинде Жээнбеков шайлоонун эрежелери алдын ала эле белгилүү болгонун, бардык партияларга үгүт иштерин жүргүзүүсү үчүн бирдей шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Аны менен катар пандемия шартында жарандар үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Жээнбеков андан сырткары бардык эле өлкөлөрдөгүдөй болуп, шайлоо учурунда жер-жерлерде айрым бир кемчиликтер ыкчам түрдө жоюлуп турганын баса белгиледи.

Анткен менен шайлоо күнү эрежелер менен мыйзам бузуулар байма-бай орун алып, социалдык тармактарда сүрөт, видеолор тарады. Анда шайлоо участкасынан чыккандарга акча таратып жаткандар тартылган. Андан сырткары добуш берүүгө келгендерди алдын ала тизмеден тактап, аларга атайын «белги» коюлган беткаптарды таратылды. Айрым беткаптарга мөөр басылса, кээсине кызыл, жашыл түстөгү ийнелер тепкичилген.

Ошондой эле, шайлоонүн жүрүшүн чагылдырып жүргөн журналисттерге кол салуу болду. «Клооптун» операторуна белгисиз киши кол көтөрүп, телефонун тартып алууга аракет кылды. Кийин «Клооптун» журналисттери кол салган киши спортчу Достук Жолдошев экенин таанышты.

Ал эми кечинде добуш берүү аяктап, анын алдын ала жыйынтыктары чыга баштаганда бир топ партия шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместигин айтып чыгышты. Айрымдары Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына чыгып, нааразычылыктарын билдирди.

5-октябрда болсо 7 пайыздык босогодон өтпөй калган партиялардын лидерлери нааразычылык акциясына чыгууга элди үндөп, аянтта 3-4 миңдеш киши чогулду. Алар шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну, президенттин кетишин, Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылышты.

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча (саат 16:00гө карата) бюллетендердин 70 пайызы колго саналгандан кийин 7 пайыздык босогодон беш партия өттү. Алар: «Биримдик» — 26,38%, «Мекеним Кыргызстан» — 24,94%, «Кыргызстан» — 9,10%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,73%, «Мекенчил» — 7,37%.

Мыйзам боюнча шайлоонун расмий жыйынтыгы шайлоо өткөндөн кийин 20 күндүн ичинде чыгат.

Жогорку Кеңешке болгон шайлоого 16 партия катышты. Парламент депутаттары беш жылда бир жолу шайланат.