Видео: Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына каршы мөөнөтсүз митинг өтүп жатат

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги өтүп жатат. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдиришти — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил» — алар парламенттик шайлоо кайрадан өтүшүн, ошондой эле алгачкы үч орунду ээлеген партия кийинки шайлоого катышпоосун талап кылышууда.

Кийинчерээк акциянын катышучуларына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да келип кошулду.

Несколько тысяч человек вышли на митинг на площадь Ала Тоо из-за несогласия с итогами выборов.

Posted by Kloop on Monday, October 5, 2020

4-октябрда шайлоого катышкан 16 партиянын ичинен төртөө парламентке өткөн. «Биримдик» — 24,5%, «Мекеним Кыргызстан» — 23,88%, «Кыргызстан» — 8,76%, «Бүтүн Кыргызстан» — 7,13%.

Бийликчил «Биримдик» партиясы шайлоонун жыйынтыгы менен канааттангандыгын айтса, Матраимов кланына байланышы бар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидерлеринин бири Искендер Матраимов мындан көбүрөөк добуш алмакпыз деп билдирген.