Оштогу митинг. Мэр Таалайбек Сарыбашев борбордук аянтта митингчилерге кайрылды

6-октябрь, Ош шаарынын борбордук аянтынан түз алып берүү.

Posted by Kloop кыргызча on Monday, October 5, 2020

Ош шаардык мэриясынын алдындагы борбордук аянтта болуп жаткан митингге мэр Таалайбек Сарыбашев келди. Алгач калаа башчы сөз сүйлөйм дегенде митингчилер аны сахнага чыгарбай коюшту.

Көп өтпөй Сарыбашев сахнага чыгып, «баардыгы мыйзам чегинде болоорун жана мэриянын кызматкерлери эл үчүн кызмат кыла турганын» билдирди. Чогулгандардын арасында «Мэр кетсин!» деп кыйкыргандар да болду. Ал эми митингчилердин кээ бири Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду кайтарууну талап кылышууда.

Көп өтпөй Сарыбашевди анын адамдары мэриянын имаратына коштоп барып киргизип коюшту.

Азыркы учурда Ош шаардык депутаттары Сарыбашевдин ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу маселени карап жатышат.

6-октябрда Ош шаарында «Биримдиктин» тарапташтары уюштурган митингге 100дөн ашуун киши келген. Алардын арасында президенттин иниси Асылбек Жээнбеков да болгон. Кийинчерээк борбордук аянтка шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор келип, бийликтин кетүүсүн талап кыла баштады.

Ушул тапта Ош шаарынын борбордук аянтына эл чогулуп, митинг болуп жатат.

Алардын кээ бирлери шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышса, айрымдары президентти колдоого чакырып жатышат.