Шыкмаматов: Матраимовдорду камоо боюнча санкциялар чыгарылды

Алмамбет Шыкмаматов

«Бир Бол» партиясынын лидери, мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов башкы прокурордун убактылуу милдетин аткаруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу Шыкмаматов өзү «24.kg» басылмасына билдирди.

Анын айтымында, жакынкы саатта Шыкмаматов Коопсуздук Кеңешинин катчысы, өлкөнүн коопсуздук тармагына кураторлук кылып жаткан Өмүрбек Суваналиев жана ИИМ коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу аракетин көрөт.

Мындан сырткары ал парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча иш ачыларын жана мурдагы бажычы, журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты Райымбек Матраимовго карата да кылымыш иши козголоорун белгилеген.

«Райымбек Матраимовду, Искендер Матраимовду, Тилек Матраимовду камоо боюнча санкциялар чыгарылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депуттатарын шайлоодо массалык фальсификацияга жол бергендер да кармалат», — деп айткан Шыкмаматов.

Бирок, Шыкмаматов Матраимовдорго карата Кылымыш-жаза кодексинин кайсы беренелери менен айып тагылаарын айта элек.

Бишкекте өтүп жаткан мөөнөтсүз митинг

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 5-октябрда саат 11:00 чамасында шайлоодон өтпөй калган оппозициялык партиялардын мөөнөтсүз тынчтык митингги башталган. Алар шайлоону легитимсиз деп атап, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун белгилешет — добуш сатып алуу, админресурс колдонуу, шайлоочуларга басым кылуу.

Митингдин катышуучулары шайлоону тааныбай турушканын билдирип, шайлоону кайрадан өткөрүүнү талап кылышкан — «Ата Мекен», «Бир Бол», «Чоң Казат», «Мекен Ынтымагы», «Социал демократтар», «Ордо», «Республика», «Мекенчил», «Бүтүн Кыргызстан», «Реформа».

Тынчтык митинги кийинчерек шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан бир нече миң демонстранттар менен укук коргоо органдарынын ортосунда кагылышууга айланды. Ошондой эле, демонстранттар 6-октябрга караган түнкү саат 3:00 чамасында Ак үй менен УКМКны басып алышты. Жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан жана экс-депутат Садыр Жапаров абактан бошотулду. Мындан сырткары мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана жарандык активист Равшан Жээнбеков да эркиндикке чыкты.

Кагылышуулардын натыйжасында 100дөн ашуун киши жаракат алганы кабарланды. Алардын арасында депутаттар, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, медиктер бар.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, депутат Жанар Акаев убактылуу өкмөт дайындала турганын билдирди.

Депутат Дастан Бекешев митингчилерге кайрылып, «Райым сыяктуу болбой» талап-тоноочулукка барбоого чакырды. Такталбаган маалыматтар боюнча, Райымбек Матраимов өлкөдөн Түркияга учуп кеткен.

Бирок Суваналиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде чек ара кызматына бир дагы аткаминерди жана аты аталган кишилерди чыгарбоо тууралуу тапшырма бергенин айтты.

Журналисттик иликтөө

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген. Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Ата» фондуна которушкан.

Kloop, «Азаттык» жана OCCRPнин биргеликте жасалган иликтөөсү жарыяланаардын алдында Саймаити Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Буга чейин Саймаитинин курьерлеринин бири Хусан Керимов киши колдуу болгон. Керимов ошол каргашалуу кечте тийиштүү дарекке жеткирүү үчүн накталай 1,6 миллион долларды алууга бараткан. Курьердин жансыз денеси «Манас» аэропортунун алдындагы унаанын багажнигинде табылды.

Хусан Керимовдон сырткары иш убагында жок болуп кеткен курьерлер да болгон. Керимов өлтүрүлгөнгө чейин бир жума мурун «Мадина» базарынын 37 жаштагы соодагер Хуфур Абдурехмандын денеси табылган. Бирок ал бир гана соодагер эмес, «коллектор» да болгон — Абдурехман башка соодагерлердин акчаларын чет өлкөлөргө чыгаруу үчүн топтоп жүргөн.

Бул иликтөө коомчулукта резонанс жараткан. Өткөн жылдын ноябрь айында миңдеген адам «Ак үйдүн» алдына коррупцияга каршы митингге чыккан. Чогулгандардын негизги талабы Райымбек Матраимовду камоо жана реалдуу реформаларды өткөрүү болгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсү Kloop, «Азаттык» жана «24.kg» (бул басылма иликтөөдө катышкан эмес, ал иликтөө тууралуу өз сайтында жарыялаган) басылмасын 60 млн сомдук доо менен сотко бергенден кийин, жарандар экинчи митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары парламенттин алдындагы революция эстелигинин жанына чогулуп, ЖМКларга басым жасоону токтотууну талап кылышкан.

Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» басылмасына койгон доосунан баш тартышкан. Бирок алар Райымбек Матраимовдун «ар-намысы менен ишкердик беделине» зыян келтирилди деп Kloopтон 12,5 млн сом, «Азаттыктан» 22,5 млн сом жана журналист Али Токтакуновдон 10 млн сом талап кылышууда.