Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев кызматын тапшырды

Мураталы Тагаев

6-октябрда Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Тагаевдин ордуна убактылуу милдетин аткаруучу болуп вице-мэр Нуртилек Орозбаев дайындалды.

«Турмуш» басылмасы буга чейин маалымдагандай, эртең мененки саат 9:40 чамасында мэриянын алдына 100дөй киши чогулган. Алар шаар жетекчилигинен шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан.

Ошондой эле, шаардык кеңештин мурунку коалициясы бузулуп, «Тынчтык» коалициясы түзүлгөнү кабарланган. Анда «Мекеним Кыргызстан», «Республика», «Ата Журт», «Өнүгүү», «Кыргызстан» партиялары биригишкен.

Чогулгандар менен жолгушууга өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов чыгып, талап-тоноочулукка барбоого чакырган. Ал ошондой эле элдин талабы менен кызматын өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

Буга чейин Ош шаарынын мэрине шаардык кеңештин депутаттары ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кезексиз жыйын өткөрүшкөн. Жыйынга катышкан 31 депутаттын баары Сарыбашовдун кызматтан кетүүсүнө добуш беришкен.

Бирок ошол эле учурда Ош шаарынын мэринин басма сөз кызматы мэр өзү арыз жазган эместигин билдирген.

Оштогу борбордук аянтта болжол менен бир нече миң кишинин коштоосунда өтүп жаткан митингчилердин алдына Сарыбашов чыгып сөз сүйлөгөн. Анда ал баары мыйзам чегинде болушу керектигин айтып, элди ынтымакка чакырган.

Чогулгандардын арасында «мэр кетсин!» деп кыйкыргандар да болду. Ал эми митингчилердин кээ бири Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматовду бийликке кайтарууну талап кылышууда.

Көп өтпөй Мелис Мырзакматовдун Стамбулдан учуп келиши күтүлүп жаткандыгы тууралуу кабарланды. Анын тарапташтары борбордук аянтка Мырзакматовду колдогон чакырыктар жазылган баннерлер менен турушат.