Президент диалогго даяр, бирок ага сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштала элек

Президенттин сайтында мамлекет башчысынын кайрылуусу пайда болду. Сооронбай Жээнбеков диалогго даяр экенин, бирок саясий тараптардын бири дагы ага сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштай элек экенин билдирди.

«Бирок, кырдаалды жөнгө салуу милдетин алам деген тараптардан сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек», — деди ал.

Жээнбеков кайрылуусунда ушул абалдан чыгууга бардык күч-аракетин жумшап жатканын айтып, бирок кандай аракет көрүп жатканын жана так эмнени чечүүгө аракет кылып жатканын түшүндүргөн жок. Ал «саясий күчтөрдүн жетекчилерине» кайрылып, «саясий туңгуюк абалдан чыгуу» үчүн талап кылынчу кадамдарга даяр экенин билдирди.

«Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө азыркы саясий туңгуюкка кептелгенине мына 3 күн болду», — деди.

Ал азыркы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл экенин жана бул үчүн ал керек экенин билдирди.

Бир нече күндөн бери президенттин жайгашкан жери белгисиз, бирок анын басма сөз кызматы президент Бишкекте экенин маалымдаган. Президент буга чейин да бир нече билдирүүлөрдү жасаган.

Жээнбеков митингчилерге каршы күч колдонуу буйругун бербегенин айткан. Бирок кагылышуу учурунда жарылуудан улам 19 жаштагы жигит каза болгон. Ал эми айрым митингчилердин башына желим октор тийген, бирок алар тирүү калышкан. Президент ошондой эле кызмат орундарын алгысы келгендер максатына жеткенин айтып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууну талап кылган.

Мындан тышкары, өлкө башчысы Боршайкомго шайлоонун жыйынтыктарын карап чыгууну жана керек болсо аны жокко чыгарууну тапшырганын билдирген. Анткен менен, президент 5-октябрда шайлоо жакшы өткөнүн жана олуттуу бузуулар болбогонун айткан.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча, парламенттеги орундардын көбүн президенттин иниси талапкер болгон бийликчил «Биримдик» партиясы жана Матраимовдордун кланы менен байланыштуу делген «Мекеним Кыргызстан» алган. Шайлоонун жыйынтыктарына жана массалык эреже бузууларга саясий партиялар да, ошондой эле көптөгөн кыргызстандыктар да нааразы болуп, 5-октябрда митингге чыгышкан. Ошол эле күнү кечинде митинчилерди кууп таркатуулар башталып, тынчтык митинги кагышууларга өтүп кеткен жана анын натыйжасында Ак үй басылып алынып, Жээнбеков жана Атамбаевдин тушунда соттолгон адамдар бошотулган.