Мыктыбек Абдылдаев Жээнбековго импичмент жарыялоо аракеттери башталганын эскертти

Мыктыбек Абдылдаев. Сүрөт: Жогорку Кенештин басма сөз кызматы

Депутаттардын жарымы төрага кылып шайлаган (анын мыйзамдуулугу суроо жаратат) Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.

Телефон аркылуу байланышууну Жээнбеков демилгелеп, анда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланган. Ошондой эле, баарлашууда Абдылдаев айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү аракети башталганын эскерткен. Андан сырткары Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын айткан.

Мындан сырткары, Абдылдаев Жээнбековго кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, кырдаалдан тез арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин айткан. «Өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт» деп кошумчалаган ал

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык митинги

5-октябрда Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партиялардын мүчөлөрү жана тарапташтары мөөнөтсүз митинг башташкан.

6-октябрга караган түнү демонстранттар Ак үйдү жана УКМКнын имаратын басып алышкан.

Ал ортодо Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоо боюнча митингдер Ош шаарында жана өлкөнүн башка аймактарында да орун алган. Ал арада өкмөттүн Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Ош облусундагы өкүлдөрү кызматтарын тапшырышкан. Бул менен катар 6-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун да отставкага кеткени тууралу парламенттин кезексиз жыйын учурунда белгилүү болгон.

Кезексиз жыйынга чогулган эл өкүлдөрүнүн бир бөлүгү жаңы спикер катары «Бир Бол» партиясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Анын талапкерлиги үчүн 67 депутат добуш бергени кабарланган.

Ошондой эле, Абдылдаев парламенттеги көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин көрсөткөнүн билдирген. Мындан сырткары Садыр Жапаровдун соттуулугу алынганын кабарлаган. Анткен менен бир катар саясий топтор Садыр Жапаровдун премьерликке көрсөтүлгөнүн тааныбай турганын билдиришүүдө. Ал ортодо жаштар Кыргызстанда люстрация мыйзамы ишке кирип, эски саясатчылардын бардыгы бийликке келбеши керектигин талап кылышууда. 7-октябрда Ала-Тоо аянтына чогулган жаштар премьерликке Тилек Токтоказиевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн болчу.

Кийинчерек президенттин сайтында мамлекет башчысынын кайрылуусу пайда болгон. Жээнбеков диалогго даяр экенин, бирок саясий тараптардын бири дагы ага сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштай элек экенин билдирген.

Ошондой эле, Жээнбеков ушул абалдан чыгууга бардык күч-аракетин жумшап жатканын айтып, бирок кандай аракет көрүп жатканын жана так эмнени чечүүгө аракет кылып жатканын түшүндүргөн эмес. Ал «саясий күчтөрдүн жетекчилерине» кайрылып, «саясий туңгуюк абалдан чыгуу» үчүн талап кылынчу кадамдарга даяр экенин билдирген.

Тема боюнча:

Президент диалогго даяр, бирок ага сүйлөшүү үчүн аянтча сунуштала элек

«Шаар тургундарынын тынч жашоосуна бүлүк салышты». Жээнбеков элге кайрылды