Ош: Борбордук аянтка Жээнбековдун тарапташтары боз үй тигишти

Аянттын чети. Сүрөт Ыдырыс Исаковдун фейсбук баракчасынан алынды

Ош шаарында президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтары митинг өткөрүүгө даярданып чогулушууда. Алар аянтка онго жакын боз үй тигишти.

Чогулгандар митингдин максаты «Кыргызстанда жана калаада туруктуулук орнотуу» экенин айтышууда. Ошондой эле, алар Жээнбековду өз ордуна кайтаруу үчүн келишкенин белгилешүүдө.

«Биздин мыйзамдуу президентибиз өз ишин улантсын деп Ош облусу боюнча ар бир айылдан Жээнбековдун жактоочулары келдик», — деди аянтка чогулгандардын бири.

Бүгүн калаанын борборунда үчүнчү жолку митинг өтүп жатат. Буга чейин 7-6-октябрда президенттин жана оппозициячыл партиялардын тарапташтары чогулуп митинг өткөрүшкөн. Митинг учурунда эки тарап чырдаша да кеткен.

6-октябрда кечке жуук аянтка чогулгандар үчкө бөлүнгөн — алар калаа бийлигине депутат Дүйшөн Төрөкулов, мэр Таалайбек Сарыбашов жана мурдагы мэр Мелис Мырзакматов келиши керек деп талашкан. Ал күнү калаага мурдагы мэр Мырзакматов кайтып келген. Ал эми Сарыбашовду депутаттар кызматтан алуу сунушун берген соң, бийликти депутат Дүйшөн Төрөкулов «ээлеген».

Баш аламандыктардан соң Таалайбек Сарыбашов кызматтан кетүү тууралуу арызын жазганын билдирген. Ал эми 7-октябрда аянтка мэрдин тарапташтары чогулуп, ал кызматында калышын талап кылышкан. Аянтка Сарыбашов өзү да келип, аны тарапташтары мэрияга алып кирип, «ордунда калганын» айтышкан. Ал учурда мэрияны «ээлеген» Төрөкулов эл алдына чыгып, «баш алмандык болуп кетпеши үчүн буга чейин мындай кадам болгонун» билдирген.

Андан соң Сарыбашов менен Төрөкулов эл алдына чогуу чыгып, «кучакташып кол алышышкан».

КЕНЕНИРЭЭК:

«Эркекче сөз». Ошто Сарыбашовду мэр, Төрөкуловду облус башчысы кылуу аракети көрүлүүдө

Мелис Мырзакматов: «Эртең менин командамды күтөсүңөр

Кыргызстанда болуп жаткан окуялар эмне себептен мыйзамсыз? (туурасы кандай болуш керек)