Улуттук банк коммерциялык банктарга ишин жандантууну сунуштады

Кыргызстандын Улуттук банкы 8-октябрдан тарта коммерциялык банктарга жана финансы-кредиттик мекемелерге ишин жандантууну сунуштады.

«Эмгек акыларды, пенсияларды, жөлөк пулдарды өз убагында алуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле калкты нак акча менен камсыз кылуу максатында, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эске алып, финансылык уюмдарга иш убактысын саат 09.00дөн тартып 15.00гө чейин белгилөө сунушталат», — деп жазылат билдирүүдө.

Бирок өлкөнүн четинен төлөмдөрдү жүргүзүү Улуттук банктын тиешелүү чечими кабыл алынганга чейин токтотулду. Банк финансылык кызмат көрсөтүүгө байланыштуу маселелер боюнча онлайн иш жүргүзүүнү сунуштайт.

Буга чейин 6-октябрдан тарта өлкөдөгү банктар, финансы-кредиттик мекемелер жана банкоматтар ишин токтоткон. Улуттук банк муну өлкөдөгү саясий кырдаалга байланыштуу коопсуздукту камсыздоо максатында жасалганын билдирген.

Ал эми ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Курсан Асанов, 8-октябрда ЖМК үчүн уюштурулган жыйында коммерциялык банктардын коопсуздугун камсыздоо үчүн каражат да, күч да жетиштиүү экенин айтты.

Кыргызстан саясий кризистин 4-күнүн өткөрүп жатат. Өлкөнүн айрым аймактарында мыйзамдуу президент Сооронбай Жээнбековдун жана оппозициячыл партиялардын тарапташтарынын митинги уланууда.

Өлкөдө 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор аны жокко чыгарууну талап кылып митингге чыккан. Чогулгандар 6-октябрдын түнү Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан.

Коомдун нааразычылыгынын басымы алдында Борбордук шайлоо комиссиясы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Ал ортодо премьер-министр Кубатбек Боронов жана аткаруу бийлигинин аймактардагы өкүлдөрү кызматтарынан кетишти.

Анткен менен шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү ушул кезге чейин бириге албай жатат.