Оштун мэри: «Садыр Жапаровдун кайрылуусун угуп кайра кызматка келдим»

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов журналисттерге 9-октябрда маек куруп, анын кызматка кайра кайтышына Садыр Жапаровдун кайрылуусу себеп болгонун айтты.

Posted by T-Media on Thursday, October 8, 2020

«Элдин коопсуздуку үчүн кабинетимди бошоттум. Ар бир жараныбыздын өмүрүн эске алып туруп ушул кадамга бардым. Барбасам ошол күнү чагымчыл күчтөр башка жакка буруп жибериши мүмкүн эле. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган премьер-министр Садыр Жапаровдун кайрылуусун угуп, анан эл чакырганда мен кайра кызматка келдим», — деди Сарыбашов.

Буга чейин Садыр Жапаров «Бешинчи каналдын» эфиринде, жергиликтүү бийликтин легитимдүү жетекчилерин ишке кайрадан кайтууга чакырган. Себеби бир катар өкмөттүн облустар боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана райондун акимдери кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышкан.

Бул кайрылуудан кийин бир нече аткаминер мурунку кызматына кайра келген.

Садыр Жапаровдун кайрылуусуТүз эфир#Бешинчи_канал #учурда

Posted by Бешинчи канал - Пятый канал on Tuesday, October 6, 2020

Сарыбашов шаардык кеңешке жаңыдан шайлоо өтүп, жаңы калаа башчы дайындалганга чейин ал мыйзамдуу мэр экенин маалыдады. Үстүбүздөгү жылдын 12-апрелинде бир нече аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтмөк. Бирок коронавирус жайылып, өлкөгө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенинен улам шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

*Садыр Жапаров премьер-министрликке сунушталганы менен бул кызматка дайындала элек. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңештин кеминде 61 депутаты чогулуп, көпчүлүк коалицияны түзүп, премьер-министрди шайлышы керек. Ошондой эле парламент жаңы өкмөттүн курамын бекитип, ага президент кол коюшу керек. Бирок президент премьерди үч күндүн ичинде бекитипесе, ал жаңы өкмөттүн курамы менен кошо дайындалган болуп эсептелет.

Анткен менен 6-октябрда Садыр Жапаровду шайлоо үчүн Бишкектеги «Достук» мейманканасына болгону 35 депутат келгени кабарланды. Мындан сырткары алар башка 26 кесиптешинин ордуна ишеним кат аркылуу добуш беришкен. Бирок турум жабык эшик артында өткөндүктөн анын чын-төгүнүн аныктоо мүмкүн болгон жок.

Ош шаарында 6-октябрда шайлоонун жыйынтын тааныбоо боюнча митинг өтүп, кырдаал курчуй баштаганда жергиликтүү кеңештин 31 депутаты Таалайбек Сарыбашовго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан алууну сунуштаган. Көп өтпөй Сарыбашовдун иш бөлсөсүнө «Бир Бол» партиясынын депутаты Дүйшөн Төрөкулов кирип барып өзүн Оштун мэри катары жарыялаган.

Эртеси күнү, 7-октябрда, Сарыбашовду колдоо митинги өтүп, анда Төрөкулов калаа башчы болбой турганын билдирген. Анын айтымында, ал Сарыбашовго «үчүнчү күчтөр» тарабынан чагым болуп, жаңжал чыгып кетпеши үчүн өзүн мэр деп атаган. Кийинчерээк Сарыбашов өз кызматына кайткан.