Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизди

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизип, атайын буйрукка кол койду.

Ага ылайык, 9-октябрдан тарта саат 20.00дөн баштап 21-октябрга чейин саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет. Башкача айтканда борбор калаада 12 күн бою өзгөчө абал өкүм сүрөт.

Мындай чара массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу кабыл алынган.

Президенттин жарлыгы менен ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат.

Андан сырткары борбор калаада коменданттык саат киргизилет.

Шайлоонун жыйынтыгынан чыккан нааразычылык

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын тарапташтары Бишкек шаарында митинг өткөрүп, аны жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрда түндө митингчилер Ак үй менен бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттарын басып алышкан. Ал ортодо саясий мотив менен камакка алынды делген бир катар саясатчылар абактардын бошотулган.

ЖК депутаттары дагы кезексиз жыйынга чогулуу үчүн бир нече жолу аракет кылганы менен азырынча андан майнап чыга элек. Эл өкүлдөрүнүн жарымы «Достук» мейманканасына чогулуп, төрагалыкка Мыктыбек Абдылдаевди шайлап, премьерликке Садыр Жапаровдун талапкерлигин сунушташканы маалымдалган. Бирок мындай чечим менен макул болбогон жаштар Жапаровду тааныбай турганын айтып, люстрация мыйзамын киргизүүнү жана эскилердин бийликке келбеши керектигин талап кылып митинг кылышты. Ошол эле учурда президентке иппичмент жарыялоо жана аны бийликтен кетирүү боюнча дагы чакырыктар айтылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө абал турукташып, легитимдүү өкмөт түзүлгөндөн кийин кызматтан кетүүгө даяр экенин билдирди. 9-октябрда ал премьер-министр Кубатбек Бороновду баш кылып өкмөттү отставкага кетирди. Ошондой эле, УКМКнын башчысы Орозбек Опумбаевди дагы кызматтан алды.

Анткен менен ушул кезге чейин шайлоого катышкан партиялар биригип, өкмөт башчылыкка бирдиктүү талапкерди сунуштай элек.

Төрт партия — «Реформа», «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Республика» премьер-министрликке Өмүрбек Бабановду сунушташты.