Ош облусунда прокурор Шамалбек Исаев каза болду

Ош облусттук прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору, юстициянын 2-класстагы кеӊешчиси Шамалбек Исаев 10-октябрда көз жумду. Бул тууралуу Башкы прокуратура кабарлады.

«Прокуратуранын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын тереӊ кайгыруусун жана орду толгус жоготуусун чогуу бөлүшөт», — деп берилет билдирүүдө.

Исаев 57 жашта болгон. Ал эмгек жолун 1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун стажер-тергөөчүсү катары баштап, өмүрүнүн аягына чейин прокуратуранын ар кайсы кызматтарында иштеген.

Башкы прокуратурадан Шамалбек Исаев мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир канча ирет ведомстволук сыйлыктар менен сыйланганын кабарлайт.