Ошто COVID-19га чалдыккан бейтаптарды кабыл алуучу стационар ачылды

Сүрөт: Ош шаардык мэриясы

Ош шаарында коронавирус менен ооругандарды күнү-түнү кабыл алуучу стационар ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Стационар Ак-Тилек кичи районундагы № 52 мектептин спорт залына ачылган. Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, стационар 50 бейтапка каралган.

«Учурда калаада кырдаал курчуп баштады. Ооруп жаткандардын тогузу өтө оор, 53ү оор абалда. Ошондой эле өткөн суткада бир адам каза болду», — деди Абсаттаров.

Ош шаарында эпидемиологиялык курч болуп турганда бир нече стационар ачылган. Кырдаал турукташкандан кийин алар кайра жабылган.

Акыркы суткада коронавирус 298 кишиден аныкталды — алардын 33ү Ош шаарында катталды. Жалпысынан өлкө боюнча коронавирустун 49 528 учуру катталган, анын 3 734ү Ош шаарында.