Ош шаарында күндүзгү бейтапканалар иштей баштады

Ош шаарында коронавируска каршы күрөшүү жараянынын алкагында орто жана жеңил абалдагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн күндүзгү бейтапканалар иштей баштады.

Ош мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, ооруканаларда орундардын тартыштыгы тууралуу маселе болбошу үчүн алдын алуу максатында калаа мэри ушундай чечимди кабыл алган.

«Бейтаптарды дарылоо үчүн шаарда кошумча 600 орун даярдалат. Даярдалган орундар адамдарга толбосун. Элибиз дарыгерлер койгон талаптарды угуп, аткаруусун суранат элем», — деп айтты «Клоопко» Абсаттаров.

Күндүзгү стационарларга өзүндө коронавирустун белгилерин байкаган бейтаптар кайрыла алат. Бейтапканаларга келген жарандарды дарыгерлер катталган жерине карабастан кабыл алышат жана аларга акысыз жардам көрсөтүшөт. Ошондой эле аталган мекемелерде дарыгерлер бейтаптарга дарылануу боюнча көрсөтмөлөрдү берип, медициналык жардам көрсөтүшөт.

Шаардагы Кулатов кичи районунда «Газпром» спорт комплексинде күндүзгү стационар 6-июлдан тарта ишке кирди. 100 орунга ылайыкталган бейтапканага тургундар эрте мененки саат 8:00ден кечки 20:00га чейин кайрыла алышат. Ал эми калаадагы «Sunrise» мейманканасында 50 кишини обочого алуу мүмкүнчүлүгү каралган.

Ошондой эле «Классик» мейманканасы да пневмонияга кабылгандар үчүн убактылуу оорукана катары пайдаланууга берилген. Ал эми «Достук» студенттер жатаканасы дарыгерлер үчүн обсервацияга берилди. Аталган жайларда 80ден орун даярдалган.

Калаадагы Алишер Навои атындагы орто мектебинде да 50 орундуу убактылуу стационар иштей баштайт.

Мындан сырткары калаада стационарларды журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранттары да уюштурууда. Оштогу эң ири ишкер Жалил Атамбаев Манас-Ата кичи районундагы «Каныкей» ресторанын медициналык пайдаланууга берди.

Бейтапкана 7-июлдан тарта жарандарды күнү-түнү кабыл алып, анда 60ка жакын бейтапты дарылоо шарты түзүлгөн. Ошондой эле стационарда иштеген медицина кызматкерлеринин кызмат акысын ишкер өзү төлөй тургандыгы маалымдалды.

Атамбаев 2010-жылы июнь окуясында «Каныкей» ресторанынын артында жайгашкан үйү өрттөнүп кетип, үйүнүн жер тилкесин арткы дата менен кайра каттоодон өткөргөндүгүн «Азаттык» басылмасы маалымдаган.

Жер тилкени өзүнүн жакындарына кататтып, ал үчүн төрт батир алгандыгы белгилүү болгон. Кийинчерээк июнь окуясынан жабыркагандарга бөлүнгөн үйлөр боюнча Ош шаардык прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, Жогорку сот Атамбаевге берилген төрт батирдин баарын Ош мэриясына кайтаруу тууралуу чечим чыгарган.

Ошондой эле калаадагы «Андрос» медициналык борбору орто жана оор абалдагы бейтаптарды кабыл алат. Анда 35 орун бар. Аталган борбордогу дарыгерлердин маянасын жана тамак-ашын Кыргызстандагы таасирдүү үй-бүлөгө таандык «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонду каржылайт.

Райымбек Матраимов — Кыргызстандан 700 миллион долларга чукул каражаттын көмүскө жол менен чыгарылып кетиши тууралуу журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранты. Бул каражаттарды 5 жыл бою карапайым курьерлер аркылуу ташыган Айэркен Саймаити журналисттерге бул операцияларды Райымбек Матраимовдун жардамы менен жасаганын айтып берген.

Саймаитинин айтымында, Матраимов бажыдагы жемкорлукту колдоп, Абдукадырдын көмүскө бизнесинин жүрүшүнө көмөк көрсөткөн.

Курьерлер тоскоолсуз Абдукадыр үй-бүлөсүнүн акчаларын адалдагандан кийин, Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумайлияму каражаттардын бир бөлүгүн Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык болгон «Исмаил Матраимов» фондуна которушкан.

8-июлга карата өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 8684кө жетти. Анын ичинен 878 учур Ош шаарында катталды — 380 бейтап COVID-19дан айыгып, 11и көз жумду.