Бекешев: Парламенттик шайлоо өттү деп таанылышы мүмкүн

Парламенттин депутаты Дастан Бекешев 12-октябрда фейсбук барагында Кыргызстандын жаралган саясий кризистен чыгуусунун болжолдуу варианттарын жазып чыкты.

Анын айтымында, кесиптештери ага Жогорку сот 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону өттү деп таанып коюушу мүмкүндүгүн кабарлашууда. Ошол эле кезде «мыйзамдардын баарына карама-каршы келген бир нече компромистүү варианттар» каралууда:

  • Шайлоону өттү деп таануу, андан соң мыйзамга артка иштөө күчүн берүү менен шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү тууралуу өзгөртүүлөрдү кабыл алуу;
  • Шайлоону өттү деп таануу, Ал эми «Мекеним Кыргызстанды» депутаттык мандаттарды бөлүштүрүүдөн четтетүү (БШК же сот аркылуу).

Бекшев президенттин резиденциясында ар кандай варианттар каралып атканын, бирок алардын ичинен көбү мыйзамсыз экенин белгиледи.

«Сооронбай Жээнбеков бузукулардын жиндидей кеңештерин угуп, сот адилеттигине кийлигишпейт деп ишенем. Шайлоонун жыйынтыгы жараксыз бойдон калышы керек, ал эми 6-чакырылыштын парламенти шайлоо босогосун 3%га чейин төмөндөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү кабыл алышы керек, андан соң БШК кайра шайлоо жарыялашы шарт. Анткен менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен кайра шайлоо бир эле учурда жүрө алат», — деп жазган ал.

Некоторые коллеги сообщают, что завтра от Верховного суда мы можем получить интересное и неожиданное решение по...

Posted by Dastan Bekeshev on Monday, October 12, 2020

Мурдараак Борбордук шайлоо комиссиясы кайра өтө турган шайлоонун күнү дайындала электигин билирген. Шайлоо мыйзамына ылайык, БШК кайра добуш берүү күнүн 6-ноябрга чейин аныкташы керек.

«Эгер парламенттик шайлоо 90 күндөн ашык эмес мөөнөт ичинде өткөрүлсө, анда кайрадан шайлоо ал дайындалгандан кийин эки айлык мөөнөт ичинде өтүшү керек. Эгер шайлоо 20-октябрга чейин дайындалса, анда ал декабрда өткөрүлөт», — деп кабарлаган БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова.

Бирок ага чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү дагы бир кризисти алдын алыш үчүн учурдагы эл өкүлдөрүнө жыйынга чогулуп добуш берүү мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташууда. БШК бул максатты ишке ашырууга шайлоо күрөөсүн жана парламентке өтүүчү добуштардын босого пайызын ылдыйлатуу көмөк болот деп эсептейт. Азыркы күндө шайлоого катышуу үчүн партиялар Боршайкомго 5 млн сом төгүшү керек жана добуш берүүдө өлкө боюнча 7%, ар бир облустан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 0,7% колдоого ээ болушу шарт.

Андан тышкары комиссия кыргызстандыктарга форма №2нин негизиндеги арызды бир жолу жана 30 күндөн кечиктирбей беришин сунуштоодо. Ал эми, жаран өзүнүн шайлоо участогун башка облуста добуш берүү үчүн гана алмаштыра алат.

№2 формасы шайлоочуларга ыңгайлуу жерде добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок айрым партиялар аны шайлоочуларды сатып алуу менен партияга керектүү аймактарда добуштар көбүрөөк болушу үчүн пайдаланышкан.