Жапаровду өкмөт башчылык кызматка дайындоо тууралуу токтом президентке түштү

Садыр Жапаровду премьер-министрлик кызматка дайындоо тууралуу парламенттин токтому президенттин аппаратына келип түштү. Буга чейин токтомго вице-спикер, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров кол койгон.

24.kg маалымат агенттиги президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиевага таянып кабарлагандай, токтом Жээнбековдун кароосунда үч күн болот. Бирок, Жээнбеков Жапаровду дайындоо тууралуу жарлыкка кол койбой же токтомду каршылык билдирүү менен парламентке кайтарган күндө да Жапаров баары бир премьер-министр болот.

«Президент үч күндүн ичинде премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарат. Эгер президент аталган мөөнөттүн ичинде премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлык чыгарбаса, алар дайындалды болуп эсептеле берет», — деп айтылат Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүмүндө.

Жапаров азырынча министрлер кабинетинин башчылыгына биротоло бекитиле элек. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы өз билдирүүлөрүндө аны премьер-министр деп атоодо. Жапаров өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу катары биринчи жыйынын өткөрүүгө үлгүргөн. Жыйында ал жаңы дайындалган ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу Улан Ниязбековду тааныштырып, өкмөт аппаратынын түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Жапаровдун талапкерлигин көрсөтүү жана дайындоо Конституцияны бузуу менен өттү деп эсептешет. Депуттардын пикирине юристтер да тилектеш: анын талапкерлигин көрсөтүүдө Конституция да, иштин регламенти да сакталган эмес.

Садыр Жапаров 6-октябрга караган түнгө чейин 2013-жылдагы митингди каржылоо жана уюштуруу айыбы боюнча абакта отурган. Сот Жапаров митингчилерди башкарып, аларга Ысык-Көл облусунун ошондогу губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга буйрук берген деп чечим чыгарган.

Ал күчөтүлгөн тартиптеги колонияга 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Жогорку сот ал күнөөлүү деп табылганы менен абак мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. Жапаров тарапкерлеринин жардамы менен эркиндикке чыкандан кийин Жогорку сот мурдагы сот чечимдерин жокко чыгаруу менен анын ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайрадан кошумча иликтөөгө жөнөткөн.