ЖАМК: Сапар Исаков менен Албек Ибраимов абакка кайта элек

Албек Ибраимов / Сапар Исаков

Экс-премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов түзөтүү мекемелерге кайта элек. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы «Кактус» басылмасына билдирди.

Буга чейин ЖАМК Исаков жана Ибраимовдун абакка кайтуу мөөнөтү 13-октябрда аяктай турганын билдирген. Учурда аларга карата «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

«Эгерде алар кайтпаса издөө жарыяланып, алардын акыбалы начарлайт», — деп билдиришти ЖАМКтан.

Исаков жана Ибраимов 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган. Ал күндөрү парламенттик шайлоого нааразы болгондор Ак үй басып алып, андан кийин абактагы айрым саясатчылар абактан бошотулган.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупция тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.