Жээнбеков: Кыргызстанда маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет

Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекиткен токтомун артка кайтарды. Муну ал Жапаровдун талапкерлигин бекитүүдө мыйзам сакталбай калганы менен түшүндүрдү.

Мындан сырткары билдирүүдө 10-октябрдагы жыйында кворум сакталбай калганы айтылган. Президенттин басма сөз кызматы кворум сакталышы үчүн жыйынга 61 депутат келиши керек деп белгиледи.

«10-октябрдагы кезексиз жыйында 51 депутат катышканы жана андан сырткары башка 10 депутаттардан ишеним кат бар экени расмий жарыяланган. Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес», — деп жазылат анда.

Президент аталаган маселени парламенттин 14-октябрдагы жыйынында белгиленген тартипте карап чыгууну сунуштады.

Ошондой эле Жээнбеков Жапаровду бекитүүдөгү легитимдүүлүгү боюнча кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, «маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет» деп билдирди. Ал өлкөдө талаш-тартыш болбошу үчүн «өкмөт башчынын мыйзамды сактоо менен бекитүү» зарылдыгын айтты.

«Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок», — деди ал.

Жээнбеков өкмөт башчыны бекитүү тууралуу масчелеге парламент мыйзам чегинде чекит коёоруна ишенээрин кошумчалаган.

5 күндүк саясий кризис

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместердин тынчтык митинги башталган. Саат 11ден тартып митинг тынч өткөн. Кечке маал нааразы тараптын айрымдары Ак үйдүн тосмосун жулкулдатып башташкан.

Ошондон кийин гана, курал-жарагы жок, күнү бою көчөлөрдө тартипке көз салган укук коргоо кызматкерлери митингчилерди кубалай башташкан. Акциянын катышуучуларын күч менен таркатуу учурунда 19 жаштагы бала жарадар болуп, көз жумган.

Күч кызматкерлери суу аткычтарды, резина окторду, газ, үн чыгаруучу гранаталарды колдонушкан. Ал эми митингчилер аларды көздөй таш ыргытып, союлдарды колдонушкан. Түн жарымдан кийин күч салмагы ооп, митингчилер парламенттин имаратын басып ала алышкан. Ал убакта эки тарапта тең жарадар алгандар болгон.

Андан соң демонстранттар УКМКга барып, дарбазасын талкалашкан, ал эми атайын кызматтан жаңжалдын кереги жоктугун айтып, жергиликтүү ТИЗОдон мурдагы президент Атамбаевди бошотуп беришкен. Андан кийин Атамбаевдин тарапкерлери анын үзөңгүлөштөрүн, Сапар Исаковду жана мурдагы жансакчыларын бошотушкан.

Мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошев 6-октябрда чыккан сот чечиминин негизинде Алмазбек Атамбаев жана Кой-Таш окуясы боюнча башка соттолгондор 2020-жылдын 11-ноябрына чейин үй камагына чыгарылганын кабарлаган.

Ошол эле учурда Атамбаевге оппозициячыл маанайдагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны абактан бошотууга үлгүрүшкөн. Андан кийин алар Жапаровду борбордук аянтка алып келип, премьер-министрлик кызматка дайындоо талабын айтып чыгышкан.

Агрессивдүү эркектерден турган топ 10-октябрга чейин Жапаровдун премьер болушун талап кылып, аянттан кетпей коюшкан. Алар дүкөндөрдү талап-тоноого, журналисттерге кол салууга аракет кылышкан.

Ал эми 9-октябрда оппозициянын жана УКТга каршы тынчтык митингинин катышуучуларына кол салышкан. Алардын катарында Алмазбек Атамбаев жана ага тиешеси жок оппозициячыл жаш саясатчылар дагы болгон.

Эки митингдин кагылышуусунда Атамбаевдин автоунаасына белгисиз адам төрт жолу ок чыгарган. Нааразычылык акциясынын натыйжасында депутаттар тобу тарабынан премьер-министрлик кызматка дайындалган Садыр Жапаров, ок атууну Атамбаев өзү уюштурган деп билдирген.

Садыр Жапаровдун премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалганы жөнүндөгү токтомго парламенттин вице-спикери Мирлан

Бакиров 12-октябрда кол койгон. Бакиров парламенттик шайлоого Матраимовдорго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясынан талапкер. Жогорудагы токтомго президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна жиберилген.

Анткен менен Жапаровдун өкмөт башчылык кызматына дайындалышына баары эле макул эмес. Дароо бир нече депутат Жапаровдун талапкерлиги бекитилген парламенттин мамрезиденциядагы жыйынында кворум болгон эместигин, депутаттар жетиштүү санда чогулбаганын билдиришкен. Мындан тышкары, аталган жыйында парламенттин жаңы эле шайланган спикери Мыктыбек Абдылдаев ыйгарымдарынан баш тарткан.

Андан соң парламенттин 13-октябрындагы жыйынында депутаттар «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаевди спикер кылып шайлашты.