Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси иштен кетти

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу 14-октябрда кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди.

«Сиздер менен беш жылга жакын ачык-айрым, тыгыз байланышта иштедик. Баарыңыздарга ыраазылык билдирем», — деп жазды Нуракун уулу.

Нуракун уулу кызматтан өз эрки менен кетүү тууралуу арыз жазган. Ал иштен кеткенинин себебин ачыктаган эмес. 

Бүгүн 14-октябрда парламент кезектеги жыйынга чогулуп, жаңы өкмөттүн курамын жана структурасын бекитти. Ага ылайык, өкмөт башчылыкка Садыр Жапаров дайындалып, бир катар министрликтердин башчылары алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков Жапаров баштаган өкмөт боюнча жарлыкка кол коюп берди.

Мындан бир күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасы болуп депутат Канат Исаев шайланган. Дастан Жумабеков отставкага 6-октябрда кеткен. Анын ордуна келген депутат Мыктыбек Абдылдаев да төрт күндөн кийин кызматтан кеткенин билдирген.

5-октябрда бир нече күнгө созулган мөөнөтсүз митинг башталган. Демонстранттар парламенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдиришип, жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышкан. 6-октябрга караган түнү Ак үй басылып алынып, андагы техника, эмеректер талкаланган. Ошондой эле өрт чыккан.