Өткөн суткада COVID-19 беш кишинин өмүрүн алды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штаб 15-октябрда коронавируска чалдыккан беш бейтап каза болгонун кабарлады. Көз жумгандардын экөөсүндө илдет лабораториялык тастыкталган, дагы үч бейтап ооруканадан сырткары пневмониядан каза болду.

Аймактар боюнча:

Баткен облусунда — 2;

Ош облусунда — 2;

Бишкек шаарында — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен каза болгондордун саны 1 099га жетти — бул жалпы оорулуулардын 2,1 пайызын түзөт.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 50 589 учуру катталды. Ооругандардын 45 080и илдеттен сакайды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.