COVID-19дан беш бейтап көз жумду — жалпы 1 108 киши кайтыш болду

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков

Республикалык штаб 17-октябрда Ош облусунан — үч жана Нарын облусунан жана Бишкек шаарынан — бирден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болгонун кабарлады.

Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 108 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, каза болгондордун 281инде COVID-19 лабараториялык аныкталаган, ал эми калган 827 киши пневмониядан улам кайтыш болгон.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмониядан улам каза болгондордун себебин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы боюнча каза болгондордун 437синин өлүмүнүн негизги себептери COVID-19 менен пневмония эмес, башка оорулар болуп чыккан.

ССМдин 25-сентябрдагы маалыматына ылайык, илдеттен 83 медкызматкер көз жумган. Кыргызстанда 30-июль пандемия маалында көз жумгандардын элесине арналып Улуттук аза күтүү күнү болуп белгиленген.

Өлкөдө коронавирустун жалпы 51 490 учуру катталды. Ооругандардын 45 509у илдеттен сакайды.