«Ишенимди жоготту». Жээнбеков Орусиядагы элчини кызматтан алганы белгилүү болду

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырып жатып, Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкуловду ээлеген кызматынан бошоткону белгилүү болду. Бул тууралуу 14-октябрда өкмөттүк «Эркин Тоо» гезити жазып чыкты.

Жээнбековдун жарлыгында элчи «ишенимди жоготкону» үчүн кызматтан алынган деп жазылган.

Ал эми Жекшенкулов кызматтан бошотулгандыгы тууралуу расмий билдирүү албаганын жана бул жөнүндө социалдык тармактар аркылуу укканын кабарлаган.

«Кызматтан бошотулганымды соцтармактардан окуп, таң калдым. Бул мен үчүн күтүүсүз жаңылык болду», — деп билдирди элчи Орусиянын «ТАСС» басылмасына курган маегинде.

Жекшенкулов буга чейин Греция жана Черногорияда элчилик кызматты аркалаган, ал эми 14-октябрда Армениядагы элчи болуп дайындалган.

Кыргызстандын Орусиядагы ыйгарым укуктуу элчиси ким болору азырынча белгисиз.

Орусиялык саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубновдун Жекшенкуловдун кызматтан алынышы күтүүсүз болду, ал эми анын себеби таң калыштуу болду деп эсептейт.

«Жекшенкуловдун кетиши тууралуу жаңылыкты таң калуу менен кабыл алдым. Болгондо дагы «ишенимди жоготконуна байланыштуу» деген ызалуу түшүндүрмө менен экен. Балким, мага элчинин ишмердүүлүгү тууралуу көп нерсе белгисиздир. Бирок, элчиликтин жана анын кызматкерлеринин пандемия маалындагы өтө оор абалда кылган иштерин, кыргыз мигранттарынын башына түшкөн кыйын күндөрдөгү, татаал шарттагы аракеттерин көрүп, чын жүрөктөн, колдорунан келишинче иштешти деп айта алам», — дейт Дубнов.

Саясат таануучунун айтымында, элчинин кызматтан бошотулушунун чыныгы себеби Жээнбеков көрсөткөндөн айырмаланышы мүмкүн.

«Кыргызстандын элчисинин Москвадагы кызмат орду республиканын жаңы, убактылуу лидеринин айланасындагыларга керек болушу мүмкүн деп айта алам. Эгер андай болсо, абдан өкүнүчтүү. Бул версия канчалык чын экенин жакында көрөрбүз. А мен анын кылган иши үчүн Жекшенкулов мырзага сый-урмат билдирем», —деп сөзүн жыйынтыктады Дубнов.