Адвокат: Сапар Исаковдун Франциядан башпаанек сураганы боюнча кабарым жок

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Франциядан башпаанек сураганын VB.kg порталы мурдагы журналист Улугбек Бабакуловго таянуу менен жазды. Учурда Бабакулов Францияда саясий башпаанек алып, ошол жакта жашап жүрөт.

Анткен менен Сапар Исаковдун адвокаты Замир Жоошев «Клоопко» башпаанек окуясы тууралуу жана кардары кайда экени боюнча кабары жок экенин айтты.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгондор 5-октябрда Ала-Тоо аянтында митингге чогулган. 6-октябрдын түнү чогулгандар Ак үйдү жана бир катар мамлекеттик мекемелерди басып алышкан болчу. Каршылык митингдери учурунда мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев баштаган бир катар саясатчылар абактан чыгарылган. Алардын айрымдары кийин кайра түзөтүү мекемелерине кайтарылган болчу. Калиев болсо абакка өз эрки менен кайткан.

Бирок Исаков менен Ибраимов кармалып жаткан абакка кайтып барган эмес. Исаков Молдовановка айылындагы №27 колонияга жакында эле которулган болчу. Ал эми Албек Ибраимов болсо Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан.

Жактоочу Замир Жоошев «Клоопко» ал боюнча дагы кабары жок экенин билдирди.

Буга чейин ЖАМК Исаков жана Ибраимовдун абакка кайтуу мөөнөтү 13-октябрда аяктай турганын билдирген. Ошондой эле мекеме эгерде алар кайтып келишпесе издөө жарыялант деп кабарлаган. ЖАМКтын маалымат кызматы «Клоопко» аларга издөө жарыялоо ушул жума ичи чечиле турганын билдирди.

Учурда аларга карата «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупция тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.