Азимбек Бекназаров: Жээнбековдун отставкасынын артында чоң шантаж бар

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, экс-депутат Азимбек Бекназаровдун өлкөдөгү кырдаал тууралуу интервьюсу «Азаттык» үналгысында 18-октябрда жарыяланды. Анда Бекназаров Жээнбековдун кызматтан кетишине түрткү болгон үч себепти атады.

Элчи билдиргендей, экс-президент бир топ саясий ишмерлер менен жолукканда «мен мурдагы позициямда турам, жаңы шайлоодон кийин кетем» деген. Бирок бир сааттан кийин [Садыр Жапаров] жана Камчыбек Ташиев келген соң ал пикирин өзгөртүп арызын жазып берген.

«Менин жеке пикиримче — тарых, мезгил өзү тастыктайт — биринчи себеби президентке карата чоң шантаж бар. Экинчи себеби президент элдин каны төгүлбөсүн деди окшойт. Үчүнчүдөн жанында бир дагы командасы жок. "Биримдиги" да жок, "Кыргызстан" жок, "Мекеним Кыргызстан" жок», — деди Бекназаров.

Мындан тышкары экс-депутат Жээнбековду «айланасында жүргөн адамдар сатты» деген ойдо.

«Мен [Жээнбековдон] "Кана командаң, кана 80-90 орун алган партиялар?" деп сурадым. "Атамбаевдин айланасында жүргөн адамдар сени да сатат" деп курултайда да айтканбыз. Саткын саясатчылар кимде күч болсо ошол жакка ооп кете беришет. Азыр ошол эле "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", ошол эле кишилер Садырдын айланасында сагалап жүрүшөт», — деди ал.

Ошондой эле, Бекназаров Жээнбековдун эң чоң катасы — «бизде түзүлүп калган коррупциялык системаны, ошонун ичинде шайлоо системасын 3 жылда канчалаган сунуш болсо дагы кылган жок. Эски системаны пайдаланып өзүнүн партиясын алып келем дегенде болду» деген пикирде.

Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, президенттик кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын билдирген. Ал мындай чечимди «Кыргызстандын тарыхында кан төгүп кеткен, өз жарандарына каршы ок аткан президент катары калгым келбейт» деп негиздеген.

Эртеси күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жээнбековдун отставкага кетүү тууралуу арызын эске алышкан. Ошол эле күнү премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров ага экс-президент макамын ыйгарган.