«Мекенчил» партиясынын талапкери өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды

Абсаттар Сыргабаев

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы жаңы өкүлү болуп Абсаттар Сыргабаев дайындалды. Бул тууралуу облустук администрациядан кабарлашты.

Сыргабаев буга чейин Сузак районундагы Барпы айылынын башчысы болгон. Ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясы менен катышып, алдыңкы беш талапкердин катарына кирген. Аталган партия менен премьер-министр жана президенттин аткаруучусу Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров да шайлоого катышкан.

«Мекенчил» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев Барпы айылынан болот. Такталбаган маалыматтар боюнча Сыргабаев Ташиевдин өкүл баласы.

Мындан тышкары Сыргабаев 2005-2010-жылга чейин Каржы полициясында иштеген. 

Жалал-Абад облусун Нурболот Мирзахмедов сегиз айдан бери башкарып келген. Ага чейин Мирзахмедов Өзгөчө кырдаалдар министри болгон. Ошондой эле Эсеп палатасында аудитор катары иштеген.

Премьер-министр Садыр Жапаров болуп шайлангандан кийин өкмөттүн курамы бир топ өзгөрдү. Аны менен катар, Баткен, Талас, Чүй жана Ош облустарынын башчылары да алмаштырылган. Баткен облусундагы өкүл болуп Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов, Талас облусуна жарандык активист Айбек Бузурманкулов, Чүй облусуна «Ордо» партиясынын лидери Мирбек Мияров, Ош облусуна Жарасул Абдураимов дайындалды.