Аида Салянова: Кумтөрдү салыктан бошотуу демилгесин Ахматбек Келдибеков көтөргөн

Мурдагы Башкы прокурор жана экс-депутат Аида Салянова фейсбук баракчасында түз эфирге чыгып, премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун 2012-жылы жасаган билдирүүсүндө «калп» айтканын билдирди. Анда Жапаров 2009-жылы Аида Салянова жана премьер-министр Данияр Үсөнов Кумтөр кенин иштеткен «Центерра Голд Инк» компаниясын 1,5 млрд сом салыктан бошотконун айткан.

Posted by Аида Салянова on Monday, October 19, 2020

Түз эфирдин башында Салянова Жапаров 2012-жылы билдирүү жасаган видеосун көрсөттү. Анда учурдагы өкмөт башчы бир токтомду көрсөтүп, анда 2009-жылдагы юстиция министирлигинин статс-катчысы Аида Салянова жана ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов Кумтөрдү 1,5 млрд сом салыктан бошотуу тууралуу токтомго кол койгонун айткан.

«Садыр Жапаров таркаткан маалымат карандай калп! Мен муну тастыктап бергенге аракет кылам [...] Садыр Жапаров мынтип айтпадыбы: “Салянова Аида Кумтөр төлөй турган 1,5 миллиардды жокко чыгарып койгон” деген күнөөнү мага коюп жатат. Ушунча жылдан бери ушундай күнөөнү коюп келген», — деди ал.

Салянова 2009-жылы ошол убактагы өкмөт «Центерра Голд Инк» жана Кумтөрдү иштеткен башка компаниялар менен жаңы келишим түзүп, тиешелүү токтом кабыл алганын айтты.

Аталган келишимге ылайык, Кыргыз Республикасынын «Центерра Голд Инк» компаниясындагы үлүшү 15,66%дан 32,75%га чейин көтөрүлгөн. Мунун ордуна Кумтөрдү иштеткен компаниялар жеңилдетилген салык режимине өткөн. Кийинчерээк бул келишимди Жогорку Кеңеш ратификациялаган.

Ошол эле учурда өкмөттүн бул токтомдоруна депутат Мария Исанова Жогорку соттун конституциялык палатасына даттанган. Исанова Кумтөр боюнча келишимге Кыргыз Респуликасынын атынан премьер-министр эмес президент — Курманбек Бакиев— же Жогорку Кеңеш бекитиши керектигин айткан. Бирок сот анын арызын канааттандырган эмес.

Ал эми 2009-жылдын аягында ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов Кумтөрдү иштеткен алтын казуучу компанияларга 1,4 млрд сомго чукул салыктан бошотуу тууралуу токтомго кол койгон.

Салянованын айтымында, бул маселеге чекит коюлгандан кийин өкмөттүн токтомунун долбоору юстиция министрлигине келген. Ал эми министрликтин статс-катчысы Салянова өкмөттүн токтому мыйзамга ылайык келет деп корутунду чыгарган.

«Эми ойлоп көрүңүздөрчү, качан эле ушул юстиция министрлигинин статс-катчысы 1 млрд 300 миллиондон ашуун сомду (Садыр Жапаров 1,5 млрд деп жатат) [жокко чыгара алат]? юстиция министри болсом дагы… “статс-катчынын колунан келет” деген тарыхта болбогон нерсе», — деди Салянова.

Мындан сырткары Салянова бул маселенин моралдык жагына да токтолду. Салянова эмне себептен Жапаров бул маселени 2009-жылы көтөргөн эмес деп суроо салды.

«Мени 2012-жылдан бери күнөөлөп келген Садыр Жапаров 2009-жылдын апрель айында кайсы жерде эле деген суроо жаралат. Ал киши билесиздер, башында Бакиевдин кеңешчиси болчу. Андан кийин Коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча агенттигинин директору болду. Эмне үчүн ошол кезде айтпайт? 2009-жылы Кумтөр боюнча жаңы шарттар менен келишим түзүлүп жатканын ал билген эмес беле?», — деди Салянова.

Ошондой эле, экс-башкы прокурор Кумтөрдү салыктан бошотуу демилгесин ошол убактагы салык кызматынын башчысы Ахматбек Келдибеков көтөргөнүн да билдирди. Салянованын айтымында, өкмөттүн регламентинде «кайсы мамлекеттик орган бул [салыктан бошотуу] долбоорду демилгелесе персоналдык жоопкерчилик анын жетекчисинде болот».

«Кызыгып көрөлү, ошол кезде салык кызматын ким жетектеп келген? Ал кезде Ахматбек Келдибеков болчу. Садыр Жапаровдун ушундай эле чындыкты айткысы келет экен, ушундай коррупциянын бетин ачкысы келген экен — эмне үчүн ошондо “долбоорду ким киргизген, ким демилгелеген?” деп өзүнүн досу Ахматбек Келдибеков жөнүндө айтпайт? Бир сөз уктуңар беле, бир жерде “ушул салыктарга Ахматбек Келдибеков тиешелүү” деп айтканын? Көрсө, ушунча олжойгон акчаны жокко чыгаруу юстиция министрлигинин статс-катчысынын колунан келет экен да. Эми кичине уят болуш керек да», — деди Салянова.

Келдибеков 2008-жылдын 16-октябрында салык комитетинин төрагасы, кийинчерээк 2009-жылдын 22-октябрында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалган. Ал эми 2010-жылы болгон Апрель революциясынан кийин Келдибеков бул кызматтан алынган. Көп өтпөй ал Садыр Жапаров жетектеген «Ата Журт» партиясы менен парламентке өтүп, спикерликке шайланган. Ал эми 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен барган.

Ахматбек Келдибеков 2013-жылы «Азаттыкка» Кумтөрдү салыктан бошотуудан мамлекеттик казынага зыян келбегенин айткан. Анын айтымында, Кумтөрдү иштеткен канадалык компания 2005-жылы бийлик алмашкандан кийин жаңы келишим түзүлгөнгө чейин салык төлөбөй турган.

«Мына ошол 2009-жылкы келишим түзүлгөндө ага чейинки салыктан жана башка төлөмдөрдөн калган калдыктын бардыгы анын ичине камтылган. Салянова статс-катчы болуп турганда биз эсеп-чотту тууралап алуу үчүн буга чейин коюлган жанагы сумманы чыгыш кылганбыз. А бирок негизи ал сумма жаңы келишимдин ичине камтылып, бюджетке түшкөн. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес», — деп ишендирген Келдибеков.

2012-жылы Аида Салянова Башкы прокурор катары «Ата Журт» партиясынын үч депутаты — Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жана Талант Мамытовго — «бийликти күч менен басып алуу» аракети үчүн кылмыш ишин козгогон.

2012-жылы Жапаров, Ташиев жана Мамытов «Кумтөрдү» улутташтыруу митингинде Ак үйдү «басып алууга» аракеттенишкен делип бир жарым жылга эркинен ажырашкан. Бирок экинчи инстанциядагы сот аларды актаган. Ал эми 2020-жылдын 16-октябрында Жогорку сот аларды толугу менен актады.

Учурда Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин фигуранты. Бул иш боюнча ондогон кишиге айып пул салынып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 11-жылга эркинен ажыратылган.