«Фамилиясын алмаштырган». МКК Матраимовдун эки паспортунун чоо-жайын түшүндүрдү

Социалдык тармакта Райымбек Матраимовдун сүрөтү менен жеке маалыматтары жазылган эки башка паспорттун сүрөтү пайда болду. Биринде паспорт Ысмайылов Райымга тиешелүү деп көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы билдиргендей, Матраимов өз каалоосу менен Ош шаардык Жарандык ал абалды каттоо (ЖААК) мекемесинде фамилиясын алмаштырган.

МКК түшүндүргөндөй, фамилиясын жана атын өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк алынгандан кийин ал ID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаардык Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок азыр документтери укук коргоо органдарынын колунда.

«Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүп аткан иш-чаралардын алкагында аталган паспорттор Ош шаарынын КТБсынан алынды», — деп түшүндүрүштү МККдан.

УКМКнын кызматкерлери Райымбек Матраимовду 20-октябрда коррупция жана Мамлекеттик бажы кызматында 2016-жылдан бери иштеп келе жаткан көмүскө схеманы түзгөн деген шек боюнча кармашкан.

УКМКнын маалыматына ылайык, Матраимовдун жана башка бажы кызматынын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасы өлкөгө ири өлчөмдө зыян тийгизген.