ТИМ Евробиримдикке кайрылып, Кыргызстандын бюджетине каржылык колдоо көрсөтүүнү суранды

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы ведомствонун башчысы Руслан Казакбаев Евробиримдиктин атайын өкүлү Петер Бурианга кайрылып, Кыргызстандын бюджетине каржылык колдоо көрсөтүүнү суранганын маалымдады.

«Кыргызстандын бюджетине финансылык колдоо көрсөтүү жана кыргыз тарап менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы каржылык макулдашууларга багытталган жолугушууларды уюштуруу өтүнүчү айтылды», — деп жазылат ТИМдин пресс-релизинде.

Буриан менен сүйлөшүүдө Казакбаев, өлкөнүн саясий процесстери укуктук нукка түшкөнүн, легитимдүү бийлик орногонун баса белгилеген.

«Аткаруу органдары штаттык режимде милдеттерин аткарып жатышат. Жакынкы аралыкта саясий шайлоолорду өткөрүү пландалууда», — деди Казакбаев.

Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан «өлкөдө саясий кризисти болтурбоо үчүн буга чейинки кабыл алынган макулдашууларды толугу менен ишке ашырат».

Кыргызстандагы шайлоо

Борбордук шайлоо комиссиясы кайрадан өтө турган шайлоо күнүн белгилей элек. Ал аны 6-ноябрга чейин дайындашы керек.

БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тааныган. Мындай чечимди комиссия 6-октябрда, шайлоо өткөн күндүн эртеси башталган массалык нааразылык акцияларынын шартында кабыл алынган. Жыйынтыктарды жокко чыгарууга комиссия айрым партиялардын мыйзамга жат аракеттери эмес, өлкөдөгү саясий абал себеп деп атаган.

Мурдагы парламенттик шайлоого өлкөнүн бюджетинен 449,5 миллион сом бөлүнгөн.

Кайрадан өтүүчү парламенттик шайлоодон сырткары Кыргызстанда президенттик да шайлоо өтүшү керек. Кезексиз президенттик шайлоонун өтчү күнүн Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы аныкташы кажет. Парламент депутаттары шайлоо өтө турган күндү президент отставкага кеткен күндөн үч айдан ашпаган убакытта белгилеши керек.