Абылгазиев: Менин качайын же өлкөдөн чыгып кетейин деген ниетим жок

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына 21-октябрда сурак берип чыкты.

Ал суракка кирип баратып «Азаттык» басылмасына күбө катары чакырылып жаткандыгы тууралуу чакырууну бир күн мурун алганын билдирди. Ошондой эле, ал өкмөттү башкарып турганда мыйзам бузууларга жол бербегендигин айтты.

«Менин качайын же өлкөдөн чыгып кетейин деген ниетим жок. Менин оюмча качып кеткендер бири мыйзам бузгандар, экинчилери тергөөнүн адилеттүү болушунан күмөн санагандар. Садыр Жапаров да, Камчыбек Ташиев да “бардык тергөөлөр адилеттүү болушу керек, биз өзүбүз ошонун курмандыгы болдук” деп, “күнөөсүз адамдардын күнөөлү болуп калышына жол бербейбиз” деп жатышпайбы, мен азырынча ушул сөздөргө ишенем», — деди Абылгазиев.

Экс-премьер-министр сурактан чыккандан кийин финполго кандай иш боюнча сурак бергендиги тууралуу айткан жок. Абылгазиев муну тергөөнүн кызыкчылыгы боюнча жашырындуулукка кол коюп чыккандагы менен түшүндүрдү.

Буга чейин каржы полициясынын басма сөз кызматы экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандан чыгып кете албасын маалымдаган.

Абылгазиевдин отставкасы

Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын премьер-министрлик кызматынан үстүбүздөгү жылдын июнь айында, радиожыштыктарды мыйзамсыз сатууга байланышкан чырдан улам кеткен.

Май айында депутат Жанар Акаев премьерди радиожыштыктарды «арзыбаган акчага» сатууга аралашкан деп айыптаган болчу.

Акаевдин айтымында, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин убагында 15 МГц жыштык аукцион аркылуу 1 млрд 500 миң сомго сатылган. Ал эми Абылгазиев 200МГцти болгону 700 сомго сатууга жол жол берген.

Бул айыптарга Абылгазиев депутат Акаев «жалган маалымат» таратып жатат деп жооп кайтарган.

Кийинчерээк бул айыптардын шартында премьер-министр «күч органдарына кысым көрсөттү» деген каралоодон оолак болуу үчүн кыска мөөнөттүк өргүүгө, андан ары отставкага кеткен.