Акылбек Жапаров: «Биримдик» менен «Мекеним Кыргызстан» да кетсин

Акылбек Жапаров

«Ала-Арча» резиденциясында парламенттин депутаттары 21-октярбрда жыйын өткөрүп жатышат. Анда депутат Алтынбек Сулайманов демилгелеген шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси да каралууда.

Сулайманов шайлоо босогосун 7 пайыздан 3 пайызга түшүрүү, форма №2 жокко чыгаруу жана шайлоо күрөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү сунуштап жатат.

Аталган мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Акылбек Жапаров «шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарылышына себепкер болгон партияларды» да кайра шайлоого катыштырбоону сунуштады.

«Баарын туура айттык. Өмүрбек Чиркешович баарын туура айтты. Президент кетти, өкмөт кетти, БШК кетип жатат. Анан эмне "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстан" менен баргандар калып калалы деп атасыңарбы? Болбойт андай. Күнөөлүүлөрдүн баары кетсин. Элдин талабы ошол. Бөлөктөргө жолду ачып берели», — деди Жапаров.

Анын айтымында, «күнөөлүүлөр жоопко тартылмайын» шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүүдөн майнап чыкпайт.

Сулайманов «эгерде партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзүлүп берилсе эл өзү тандоосун жасап аларын» айтты.

Буга чейин Борбордук шайлоо да Жогорку Кеңешке жогорудагы маселени карап чыгууну өтүнгөн болчу.

4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен бийликчил делген «Биримдик», Матраимовдордун кланына таандык делген «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары алдыңкы орунду алышкан. Шайлоого 6-чакырылыштагы 97 депутат талапкер болгон. Алардын көпчүлүгү алдыңкы эки орунду алган партиялар менен барышкан.

Бирок 5-октябрда шайлоодон өтпөй калган партиялар жана жарандык активисттер мөөнөтсүз митингге чыгышып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышкан. Алар муну шайлоодо добуш сатып алуу, форма №2 менен жапырт каттатуу жана админресурсту колдонуу орун алды деп негиздешкен. Ошондой алдыңкы үч орунду алган партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылышкан.

Бирок кечке жуук демонстранттарга бийлик өкүлдөрү чыкпаган соң Ак үйдү басып алышкан. Эртеси күнү БШК бул талапты аткарган. Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр бекитилгенден кийин отставкага кеткен.