ИИМде эки орун басар алмашты. Бирөөсү Матраимовдордун тууганы экени айтылган

Президенттин милдетин аткарып аткан Садыр Жапаров ИИМдин башчысынын орун басары Памирбек Асановду кызматынан бошотту. Жапаров Асановдун ордуна, ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун сунуштамасы менен Эркебек Аширхожаевди дайындады. Ал эми Ички иштер министринин орун басарлыгынан мурдараак бошотулган Алмазбек Орозалиевдин ордуна Октябрь Урманбетов дайындалды.

Урманбектов жөнүндө көп деле маалымат жок. Ал 2016-жылдын апрелинен 2019-жылдын январына чейин Ысык-Көл ОИИБинин башчысы болуп иштеген.

Ал эми жаңы орун басары Эркебек Аширхожаев бул кызматка келгенге чейин ИИМдин Тергөө башкармалыгын жетектеген. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин айтымында, Аширхожаев — атасына карата козголгон кылмыш иштеринин биринде тергөөчү.

«Аширхожаев ИИМдин тергөө кызматынын башчысы жана Райым Матраимовдун тууганы Памир Асановго түздөн-түз баш ийет», — деп жазган ал.

Кызматынан бошотулган Памир Асанов ИИМдин башчысынын орун басарлыгына 2019-жылдын 13 августунда келген. Ал 2019-жылдын 7-8-августтарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы Кой-Таш окуясынан кийин «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жоголгондугу үчүн» кызматынан алынган Курсан Асановдун ордуна келген.

Памирбек Асанов бул кызматка дайындалаары менен ал экс-бажычы Райымбек Матраимовдун тууганы болуп эсептелет деген сөздөр жүрө баштаган. Памирбек Асановдун уулу экс-бажычынын бир тууган эжеси Фарида Матраимованын кызынын күйөөсү. Кийинчерээк ИИМ бул маалыматты бышыктаган.

Мындан тышкары, Памир Асановдун айланасында анын жаш курагына байланыштуу талаш-тартыштар жаралган. Ага Асанов 55 жылдык мааракесинен кийин бул кызматта иштеп жатканы себеп болгон. Мыйзам боюнча, ал отставкага кетиши керек эле.

Мыйзамга ылайык, ички иштер органдарында профессордук-мугалимдик курамы менен илимий даражасы бар кызматкерлер гана 60 жашка чейин кала алат. Мындан тышкары, 60 жашка чейин «жогорку башкаруучу курам» да иштөөгө укуктуу. Аларга генерал-майорлор, генерал-лейтенанттар жана генерал-полковниктер кирет.

Асановдун резюмесинде окутуучулук тажрыйбасы жок жана ал милициянын полковниги гана — мыйзам боюнча, ал «орто жана улук башкаруучулук» топко кирет жана 55 жашка чейин гана иштей алат.

Ошондой эле, Памир Асанов 2020-жылдын 15-январында парламенттин жыйынына даярданбай келгендиги үчүн сынга кабылганы менен белгилүү. Ал жыйында укук коргоо органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук маселелери боюнча аракетсиздиги талкууланган болчу.

Анда парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева ИИМдин башчысынын орун басарын «жаш бала» деп атап сынга алган.

ИИМдин башчысынын орун басары болуп дайындалганга чейин Памирбек Асанов Ош ШИИББдин начальнигинин, андан соң Бишкек ШИИББдин башчысынын орун басарлык кызматтарын аркалаган. Бирок ал калың коомчулукка белгилүү эмес болчу.