ИИМдин башчысынын орун басары Алмазбек Орозалиев кызматынан алынды

Алмазбек Орозалиев

Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучусу Садыр Жапаров 21-октябрда ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев ээлеген кызмат ордунан бошотту.

Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кадрларын алмаштырууну улантууда. Буга чейин бир катар министрлерди жаңы дайындаган, анын ичинде ички иштер министри Улан Ниязбеков да бар. Ошондой эле УКМКнын төрагалыгына Жапаров өзүнүн жакын досу жана партиялашы болгон Камчыбек Ташиевди бекиткен. Мындан тышкары Ысык-Көлдөн башка облустардагы өкүлдөрдү да алмаштырган.

Жээнбеков акыркы жарлыктарынын биринде Орозалиевге генерал-майор наамын ыйгарган.

Өлкөдө парламенттик шайлоого нааразы болгондордун митинги массалык толкундоолорго айланган соң, ИИМдин мурдагы башчысы Кашкар Жунушалиев ишке келген эмес. Жунушалиевдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ал күндөрү өлкөнүн түштүк региондорунда коомдук коопсуздукту камсыздоо иш-чараларды координациялап жүргөнү айтылган. Ал эми министрдин тергөө иштери боюнча орун басары Памир Асанов 26-сентябрдан тарта коронавирус менен ооруп жаткан.

Ал учурда ИИМдин башкы имаратында жетекчилерден Алмазбек Орозалиев жана Мирлан Каниметов гана иштеп жатканы белгилүү болгон. Кийинчерээк аларга Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов да кошулуп, өзүн министрликтин жетекчиси катары жарыялаган. Көп өтпөй ИИМдин жамааты Асанов менен иштешүүдөн баш тартып, аны министрликтин имаратынан чыгарып салышкан.

Сооронбай Жээнбеков 9-октябрда Бишкектин аймагына өзгөчө абал режимин киргизип, Орозалиев шаардын коменданты болуп дайындалган. Ал буга чейин да Бишкектин коменданты болгон — 25-мартта өлкөнүн көпчүлүк аймактарына коронавирус пандемиясынан улам өзгөчө абал режими киргизилген.