Нарматов, Доолов жана маркум Жалилов «Айкөл» ордени менен сыйланды

Дин аалымдары Абдишүкүр Нарматовго, Садыбакас Дооловго жана маркум Чубак Жалиловго «Айкөл» ордени ыйгарылды. Сыйлыкты 21-октябрда муфтий Максат Токтомушев тапшырды.

Жалилов үстүбүздөгү жылдын 11-июлга караган түнү пневмониядан улам каза болгон. Мындан улам орден анын уулуна тапшырылды.

«Айкөл» ордени Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын эң жогорку даражадагы ордени.

Ал «элдин руханий жан дүйнөсүн байытууга, мамлекеттин ынтымагын, тынчтыгын, биримдигин, бүтүндүгүн сактоого жана Ислам дининин асыл баалуулуктарын жайылтып, элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө» кошкон салымы үчүн тапшырылат.

Нарматов жана Доолов Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү. Эл арасында таасирлүү диниятчылар.

Жалилов да кеңештин мурдагы мүчөсү, экс-муфтий. Ал куран аяттарын жана хадистерди чечмелеп, элге жөнөкөй тил менен баяндап келген белгилүү инсан болгон. Ага мусулмандар шарияттан сырткары күнүмдүк турмуштук маселелер менен кайрылып турушчу. Анын жыйындары, чогулуштары миңдеген аудиторияны чогултуп келген.

Жалиловду акыркы сапарга узатууга миңдеген киши чогулган.