Жээнбековдун «көмүскө кардиналы» атыккан Алмамбет Салиев кызматтан алынды

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 20-октябрдагы буйругу менен Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевди кызматтан бошотту. Салиевдин ордуна бул кызматка Бектур Зулпиев келди. Ал эми аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп Медербек Сатыев дайындалды.

Кызматтан бошотулган Салиевди көптөн бери эле күч түзүмдөрү менен укук коргоо органдарынын аракеттерин тескеген «көмүскө кардинал» деп атап келишкен.

ЖМК жана фактылар

Экс-президент Жээнбеков 2017-жылдын 11-декабрында Алмамбет Салиевди өз администрациясынын башчысынын орун басарлыгына дайындаган. Ага чейин бул орунда мурдагы билим министри Элвира Сариева иштеп келген.

Салиев аппараттын башчысынын орун басарлыгына келгенден кийин 2018-жылы ЖМКда ал соттордун, прокуратура жана укук коргоо органдарынын ишин тескейт деген божомолдор айтыла баштаган.

Маалыматта «кимди камап, кимди соттош керектиги» дал ушул Салиевдин иш бөлмөсүндө чечилет деп белгиленген. Ал тургай Салиев «көмүскө кардинал» деген да атка конгон, себеби анын каалгасынын оозунда башпрокурор баштаган чиновниктер тапшырма алуу максатында кезек күтүп жүрүшкөнү айтылган.

Салиевдин жардамчысы жетекчисинин соттордун, укук коргоо органдарынын жана прокуратуранын ишине кийлигишет деген маалыматты четке каккан. Ал эми Сооронбай Жээнбеков бул «жигитти» жакшы тааныйм деп билдирген.

«Ал андай иштерге барбайт деп ишенем», — деп билдирген Жээнбеков.

Бирок Салиевди «көмүскө кардинал» деген сөздөр токтогон эмес. Үстүбүздөгү жылдын 8-мартында зомбулукка каршы марштын катышуучуларына ак калпак жана беткап кийген белгисиз адамдар кол салышкан. Милиция кызматкерлери митингге чыккан аялдарды кармап, кол көтөргөн эркектерге эч кандай чара көргөн эмес. Буга байланыштуу 2020-жылы 11-мартта Конституциялык палатанын мурдагы судьясы жана «Реформа» партиясынын төрайымы Клара Сооронкулова «Азаттыкка» маек курган.

Анда Сооронкулова кол салгандардын милиция кызматкерлери менен байланышы бар экенин 100 пайыз ишенимдүү айта алам деп билдирген. Алардын жоругу «күч органдарынын ишин көзөмөлдөгөн» Президенттик Аппараттын башчысынын орун басары Алмамбет Салиевдин уруксааты жок болбой турганын кошумчалаган.

Ал эми 2020-жылдын 15-октябрында мурдагы депутат жана активист Ширин Айтматова твиттерде өзүнө карата кайрадан коркутуулар башталып, үй-бүлөсүн сот органдары аркылуу куугунтуктап жатышканын жазган. Ал твиттеринде Алмамбет Салиевдин атын атаган.

«Алмамбет Салиев эки күн мурда эле жолдошумдун камакка алынышына байланышкан маселени чечүүгө үчүн талаптарын айттырып жибериптир. Анын талабы – Садыр Жапаровду өчүрүү жана президентти мактоо», — деп жазган Айтматова.

Алмамбет Салиев тууралуу расмий эмне белгилүү?

Алмамбет Салиев — Ош облусунун атуулу. Салиев өзүнүн эмгек жолун Ош облусунун милициясынан баштаган. Ал эми кийинчерээк үч жыл аралыгында облустук администрациянын коргонуу жана укук тартиби боюнча бөлүмүндө иштеген.

Ал 2012-жылы Ош облустук мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укук тартиби иштери боюнча бөлүмүн жетектей баштаган. Төрт жылдан кийин, Жээнбеков премьер-министр болуп дайындалган соң Салиевди өкмөттүк аппараттын коргонуу, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар боюнча бөлүм башчысынын орун басарлык кызматына дайындашкан. Андан кийин президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

Медербек Сатыев деген ким?

Президенттин аппаратынын жетекчисинин жаңы биринчи орун басары Медербек Сатыев — Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы. 2013-жылы ал бешинчи чакырылыштын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун судьялар коллегиясында болгон. Алар бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча айыпталышкан. Жакында эле Бишкектин Жогорку соту Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Оппозиционерлер акталгандан кийин көп өтпөй эле ошол убакта президент болуп турган Алмазбек Атамбаев Медербек Сатыевди жана анын кесиптеши Курманкул Зулушевди кызматтарынан бошоткон. Алардын «судьянын жүрүм-туруму кынтыксыз болушу керек талабына ылайык келбеген аракеттерди жасашканына» Судьялар кеңешиндегилер да макул болушкан.

2015-жылы Сатыев парламентке «Республика — Ата-Журт» партиясынан талапкер болгон. Бул партиянын тең түзүүчүсү — Камчыбек Ташиев.

Бектур Зулпиев деген ким?

Президенттик аппараттын башчысынын жаңы орун басары Бектур Зулпиев тууралуу белгилүү маалымат аз. Ал Ош шаарында туулган. 2005-жылдагы шайлоого чейин Зулпиев соттордо Курманбек Бакиевдин кызыкчылыктарын коргоп жүргөн — бул Бакиев президент болуп шайланганга чейин эле болгон.

2005-жылы сентябрда Зулпиев президенттик администрациянын укук саясаты боюнча бөлүмүн жетектеп баштаган. Ал эми 2009-жылы октябрда президенттик аппараттын юридикалык кызматын жетектеп калган.