«Күйөөмдү “өлтүргөнү” келгендер кайненемди жана баламды сабап кетишти». Кадамжайдын тургуну Жапаровго кайрылды

Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Махсада Хамралиева 23-октябрда «АкиПресс» басылмасында маалымат жыйын курду. Анда ал анын жолдошун өлтүрүүгө аракеттенген өзбекстандык эки жарандын майзам чегинде жооп беришин талап кылып, президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаровго кайрылды.

«Сиз адилеттүүлүк бардык жерде болот деп сүйлөгөнсүз. 11 жаштагы балам жарым жан болуп калды. Азыр биз түнү коркуп уктабай калдык. Милиция кызматкерлерин ким текшерет? Коррупцияга малынган милицияларды иштен алыңыз, кылымышкерден акчаны алып коё берип, биздин укугубузду коргогон жок. Суранычым кылымышкер кармалып, жазага тартылсын», — деп Хамралиева ыйлады .

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 17-августка караган түнү алардын үйүнө эки киши анын жолдошун «өлтүрүүгө» киришкен. Мындай буйрукту аларга ишкер Икрам Сайдобосов, жолдошунун досу берген.

«Бизди “өлтүрүүгө” келгендер биздин бөлмөгө эмес, кайненем, кайним, анын уулу жана менин уулум жаткан бөлмөгө кирип алышкан. Түн ичинде аларды биз деп адашып, ала келген “жыгач” менен кайнимди, кайненемди, уулумду уруп, чала өлүк кылып кетишкен», — деди Хамралиева.

Ызы-чууну уккан Хамралиеванын 33 жаштагы жолдошу коңшуларын жардамга чакырган учурда кылмышкерлер качып кетишкен. Жабыр тарткан үй-бүлө дароо эле милицияга арыз менен кайрылганын айтат. Бирок, Хамралиеванын айтымында, укук коргоо органдары аларды кармаганы менен эч кандай чара көрбөй эле кайра коё беришкен.

«Биздин угушубузга караганда милиция Икрам Сайдобосовдон 40 миң доллардан ашык акча алып, бизди токмоктогон эки кишини Өзбекстанга качырып жиберишкен. Икром Өзбекстандан карантин убагында 12 кишини алып чыгып иштетип жүргөн. Ошолордун экөөсүнө бизди өлтүрүүгө буйрук берген», — деп кейиди жабырлануучу.

Ур-токмоктун кесепетинен учурда 11 жаштагы уулу башынан жаракат алып, оор абалда жатканын айтат. Ал эми кайненеси оорукчан, кайниси майып болуп калган.

«Турмуш» басылмасына Хамралиева анын жолдошун өлтүрүүгө буйрутма берген Сайдобосов аларга акча карыз экенин айткан. Сайдобосов анын жолдошунан мындан эки жыл мурун жер сатып алуу үчүн 2 млн 300 миң сом карызга алган. Эки жыл өтсө да карызын ала албаган жолдошу сатып алган жер тилкени анын атына өткөрүп берүүнү талап кылган. Хамралиеванын айтымында, Сайдобосов карызды бербөө максатында анын жолдошун «өлтүрүүгө» буюртма берген.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяны «Клоопко» тастыктап, үй-бүлө мүчөлөрүн ур-токмокко алды деген өзбекстандык эки жаран окуядан кийин Өзбекстанга качып кеткендигин маалымады. Бирок, алардын качып кеткенге чейин кармалганын төгүндөдү.

Ошондой эле, Баткен ОИИБдин эл аралык кызматташуунун алкагында Фергана ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматы тарабынан кылмышка шектүүлөр кармалып, кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталган.

« “Адам өлтүрүүгө аракет жасоо” кылмыш иши бүгүнкү күндө тергелип, Фергана ОИИБине өткөрүлүп берилүү алдында турат», — деп билдирди Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы.

 Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 38 жаштагы тургуну Икрам Сайдобосовго карата «мыйзамсыз миграция уюштуруу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылып, тергөө амалдары улантылып жатат. «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» кылмыш иши боюнча анын катыштыгы бар же жок экендиги жөнүндө тергөө иштери жүрүп жатат.