Маматалиев депутаттарды Ак үйдөгү кабинеттерин өз эсептеринен оңдоого чакырды

Маматалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев эл өкүлдөрүн Ак үйдөгү кабинеттерин өз эсептеринен оңдоп-түзөөгө чакырды. Муну менен ал «каражатты үнөмдөп, тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз» дейт.

«Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак үй оңдоп-түзөөгө муктаж. Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 млн сом бөлүүгө даяр. Бирок 90% депутаттар иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү», — деди ал.

Ошондой эле, ал депутаттарга компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды да өз каражаттарына алууну сунуштады.

6-октябрга караган түндөгү башаламандык учурунда Ак үй өрттөлүп, иш бөлмөлөр жана кеңсе буюмдары талкаланган. Андан сырткары жалпы жыйында өтө турчу зал дагы иштен чыккан. Мындан улам парламент кезексиз жыйындарын «Ала-Арча» резиденциясында өткөрүүгө мажбур болууда.

Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы 2021-жылдын июнь айына чейин иштемей болду. Ошондой эле алар октябрь айынан тарта маяна алышпайт.

Ал эми жетинчи чакырылыштын шайлоо күнү 2021-жылдын 1-июнуна чейин аныкталып, ага чейин Конституциялык реформа жүргүзүлмөкчү.