Ошто ЭлТРдин кызматкерлери жаңы дайындалган жетекчиге каршы чыгышты

ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Ош филиалынын айрым кызматкерлери жаңы жетекчиге «каршы чыгышып», башка «нейтралдуу» жетекчи дайындап берүүнү суранышууда.

Онго жакын кызматкер 23-октябрда телеканалдын имаратынын алдында нааразычылык акциясын өткөрүштү.

«Жапаровдун “иштей албай жаткандарды гана алмаштырабыз” деген өзүнүн сөзү бар эле. Учурда андай болгон жок, тегиз алмашуу болуп жатат. Өз командасын алып келүү болуп жатат. Биз буга каршыбыз. Биздин мурдагы башкыдиректорду кайтарып берсин, же башка нейтралдуу кишини коюп берсин», — деди кызматкерлердин бири.

«Иштегиси келбесе колу бутун байлабайбыз»

Буга чейин телерадиокомпаниянын Бишкектеги кызматкерлери да жаңы дайындалган Шаиста Шатмановага каршы чыгышкан. Алар башка жетекчи дайындап берүүнү талап кылышып, ал аткарылбаса 300гө жакын киши иш таштаарын билдиришкен.

Ал арада соцтармактарда Шатманованын «иштегиси келбесе колу-бутун байлабайбыз» деп айткан видеосу тараган. Телеканалдын кызматкерлери мындай билдирүүнү «урматсыздык» деп эсептешет.

«Келбей жатып “жакса иште, жакпаса иштебе” дегени жамаатка сый эмес мамилеси. Эми эле ачык куугунтуктоо башталды. Биз ага жол бере албайбыз. Бул жетекчини азыртадан эч ким кабыл алган жок. Жамааттын баары каршы болууда», — деди телеканалдын Оштогу филиалынын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Жаңыл Токоева.

Ал эми Шатманова өзү ага «жалпы жамаат каршы» деген пикирди четке какты. Анын айтымында телеканалда «аны колдойбуз» дегендер да бар, бирок нааразы тарап аны «жалпылап» айтууда.

«Оштогу жамаат менен барып тааныша элекмин. Аралыктан иштешип жатабыз. Буйруса барып таанышып, жакындан сүйлөшөбүз. Мындан ары бири-бирибизди түшүнүп, жамаат менен тил табышып кетебиз деген максаттабыз», — деди Шатманова.

Шатманова буга чейин Super.kg порталынын башкы редактору болгон. Аны 19-октябрда ЭлТР телерадиокомпаниясына жетекчи кылып президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган.