ЭлТР телеканалынын жамааты Шатманова жетекчиликтен кетпесе иш таштоону көздөөдө

ЭлТР МТРКсынын жамааты видеокайрылуу жасап жаткан учурдан скрин

ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жамааты жетекчи болуп жаңы дайындалган Шаиста Шатманованы кабыл алган жок. Бул тууралуу жалпы жамаат 21-октябрда примьер-министр жана президенттин милдетин убактылуу аткаруучу Садыр Жапаровго видеокайрылуу аркылуу билдирип, компанияга башка жетекчи дайындап берүүнү талап кылышты.

Алардын талаптары аткарылбаса 300дөй киши иш таштай турганын айтышкан. Бирок Шатмановага эмнеге каршы болушканын түшүндүрүп беришкен эмес.

«Шатманованы ЭлТРдин жамааты кабыл албайт, иштешпейт. Бизге буга чейинки жетекчинин [Керим Калыкуловдун — ред.] эки орун басарынын бирин же ушул жамааттын ичинен бирөөнү жетекчи кылып дайындап бериңиз. Арабызда татыктуулар толтура. Эгерде биздин талап аткарылбаса анда биз иш таштайбыз жана эфирлерди үзүлтүккө учуратууга мажбурбуз», — деген кызматкерлердин бири.

Видеокайрылууда телеканалдын Ош жана Бишкек шаарындагы кызматкерлери жыйын өткөрүшкөнүн жана анын жыйынтыгында Жапаровго кат жазышканы айтылат. Бул кат өкмөттүн басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевге берилген.

Бирок жамаат каттын Жапаровго жетишинен шек санап, видеокайрылуу да жасоону чечишкен.

Ошондой эле, кызматкерлер видеокайрылууда буга чейинки жетекчи болуп иштеп келген Керим Калыкуловдун аталган компанияда жасаган реформаларына карабай башка жетекчи дайындалып калганына нааразы болушкан.

Калыкулов кызматынан өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун буйругу менен 19-октябрда бошотулган. Бирок социалдык тармактарда анын иштен алынганы талкуу жаратып, «туура эмес чечим болгонун» айткандар да болгон.

Жаңы жана эски кадрлар

2020-жылдын август айында Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезитинин директорлук кызматынан кеткен. Шатманова менен кошо Super.kg порталынын директору менен башкы редактору дагы жумуштан кетүү арызын жазышкан.

Шатманованын айтымында, бул кадамга барууга саясий көз караштардын айырмачылыгынан улам ага көрсөтүлгөн «кысым» себеп болгон. Ал мурдаарак да редакцияга кысым көрсөтүлүп жатканын көп ирет айтып келген.

Шатманова «Социал демократтар» саясий партиясынын басма сөз катчысы жана парламенттик шайлоодо талапкери болгон. «Социал демократтар» партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары жана тарапташтары негиздешкен.

Журналист Керимбек Калыкулов ЭлТР каналынан башкы директорлугуна 2020-жылдын 13-январында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бекитилген. Ага чейин ал «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун Ош облусу боюнча орун басары, Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери болуп иштеген.

2014-жылдын июлунан 2020-жылдын январына чейин Калыкулов «ОшТВ Телеканалы» ЖЧКсынын башкы директору болуп турган.

Журналист Дыйканбек Керимбаев 2017-жылы мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалган. Ошол эле жылы «парламенттин ишмердигин чагылдырууга кошкон салымы, жогорку адискөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн» ардак грамотасы менен сыйланган.

«Супер Инфо» жана Матраимов

«Супер Инфо» гезити менен Super.kg порталын Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланыштырып келишет. 2019-жылдын май айында аталган ресурстардын ээлери алмашканы айтылган.

FactCheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров да редакция Матраимовдун гезитке тиешеси бар-жогун текшерип атканын кабарлады.

«Азырынча бүтө элекпиз. Айрым маалыматтар бар. “Супер инфонун” жаңы ээлери Матраимовдордун жердештери, Кара-Суудан болушат. Ээси алмашкандан кийин “Супер инфонун” жамааты жаңы жерге, “Эльдорадо” соода борборуна көчкөн. Анын ээси бизге белгилүү болгондой, Минавар Жумаева эсептелет — Искендер Матраимовдун жубайы. Бул байланыштар бар», — деген ал.

Гезиттин негиздөөчүсү жана мурдагы элчи Кылычбек Султан бул маалыматты төгүнгө чыгарган.

«Супер Инфо» гезити Кыргызстандын аймагында 2002-жылдан бери чыгарылып келет. Бүгүнкү күндө ал эң популярдуу делген кыргыз тилдүү гезиттердин бири. Гезиттин Super.kg деген көңүл ачуучу жана жаңылыктар түрмөгү чыккан порталы да бар.