Сутка ичинде COVID-19 төрт адамдын өмүрүн алды, жаңы 556 учур катталды

Сутка ичинде коронавирустан Бишкек, Чүй, Ош жана Баткен облустарында бирден адам каза тапты — жалпы 4 адам.

Мындан тышкары, вирус 556 адамда тастыкталды. Бул ирет вирустка кабылгандардын көбү Бишкекте катталды — 149 адам. Өлкөнүн түштүк облустарында да мурдагыдай эле оору жуктургандар көп — Баткен облусунда 86, Жалал-Абад облусунда 83, Ош облусунда 75 жана Ош шаарында дагы 34 адам.

Чүй облусунда жаңы жуктургандардын саны 67, Ысык-Көл облусунда — 35, Талас облусунда 23 жана Нарын облусунда — 4 адам.

Жуктургандардын арасында үч медик бар — бирөөсү Бишкекте, калган экөө Чүй жана Ысык-Көл облустарында.

Ооруканадан айыгып 287 адам чыкты. Алардын ичинен 73 бейтап Жалал-Абад облусунда, 60 адам Ош облусунда жана дагы 45 адам Ошто.

Чүй облусунда ооруканадан 35 бейтап, Бишкекте 32 адам, Баткен облусунда 23 адам айыгып чыкты. Ал эми Ысык-Көл облусунда 13, Талас облусунда 5, Нарын облусунда бир бейтап айыкты. Ооруканадан чыккандардын арасында үч медик бар.

Пандемия башталгандан бери коронавирус 55 144 адамга жукту, алардын ичинен расмий статистика боюнча 1 130 адам көз жумган.