«Аба жетпей жатат». Жалал-Абадда бейтаптарга «кычкылтек жетишсиз» болуп жатат

Соцтармактарда Жалал-Абад облустук ооруканасында тартылган видео тарады. Анда тасманын автору ооруканадагы бейтаптар кычкылтек жетишсиздигинен «кыйналып» жатышканын айткан.

«Адамдар жөн эле өлүп жатышкан жок. “Мага аба жетпей жатат” деп кыйкырып жатышат. Кээ бирлери “тез өлтүр мени” деп жатат», — деген видеонун автору.

Ошондой эле ал бейтаптар оор абалда келип жатканын, буга санитардык талаптардын сакталбаганы себеп болгонун айткан — ал элдин той-аштарга барууну токтотпогонуна нараазы болгон.

Ал эми «7-канал» даярдаган сюжетте аталган ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардын жакындары, кычкылтекти өз акчасына сатып келип, баллондорду туташтырып берип жатышканын айтып беришкен. Анда тургундар облуста кычкылтектин өзү тартыш болуп жатканын айтышып, «өкмөт кычкылтек станциясын куруп койсо болмок» деп нараазы болушкан.

«Кычкылтекти толтурган жерде толтура кезек күтүү. Кычкылтек станциясын куруп койсо канча деген адамдын өмүрүн сактап калмак», — деди бейтаптардын биринин жакыны Шакирбек Сыдыков.

Алардын айтымында, ооруканага жакын бир гана кычкылтек станциясы бар. Ошондой эле тургундар кычкылтек толтуруу үчүн бош баллондор да тартыш болуп жатканын билдиришти.

Саламаттык министрлиги көйгөй чечилгенин билдирди

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинен көйгөй чечилгенин билдиришти.

Министрликтин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, тасма тараган күнү ооруканада концентраторлор жетиштүү болгон — кычкылтек станциясында гана баллон толтурууда көйгөйлөр жаралган.

«Оорукана кислород тартып берүүнү өздөрү да жасаган, жетпей калган кезде туугандары өздөрү дагы алып келип кислород коюп беришет экен. Негизги көйгөй жеринен чечилди», — деди ал.

Айгерчинова оорукананын өзүндө 90, ошондой эле «Бакыт» реабилитациондук борборунда кошумча 41 концентратор бар экенин маалымдады. Ал эми жалпы облус боюнча 1 138 концентратор, 93 жасалма дем алдыруучу аппарат бар.

Анткен менен аталган оорукананын жетекчисинин орун басары Мелис Баймырзаев ооруканада кычкылтек жетишсиз экенин тастыктаган. Ал 60тан ашуун бейтап оор абалда инфекциялык бөлүмдө баллондогу кычкылтек менен дем алып жатканын билдирген.

«Чынында кычкылтек баллондору жетишсиз. Бир бейтапка үч концентратор колдонулуп жатат. Медицина кызматкерлери физикалык жактан да жетишпей жатышат. Бейтаптар да өтө оор абалда кайрылууда», — деген ал.

Өлкөдө коронавирус жана ал шарттаган пневмония кайрадан күч алып жатат — жаңы учурлардын жана каза болгондордун саны көбөйүүдө.

Кыргызстанда 26-октябрга карата илдеттин жаңы 420 учуру катталды — анын 112си Жалал-Абад облусунда. Ошондой эле аталган облус коронавирусту жуктургандардын саны боюнча өлкөдө 4-орунда турат — жалпы 6 585 адам илдетке кабылган.

Анткен менен коомдук жайларда жана мамлекеттик ишканалара санитардык талаптар дээрлик сакталбай жатат.