Акыркы суткада коронавирустун 420 жаңы учуру катталды — анын 112cи Жалал-Абад облусунда

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: ССМ

Республикалык штабдан 26-октябрда коронавирустун жаңы 420 учуру катталганын маалымдашты. Ооруга чалдыккандардын 326сында COVID-19 лабораториялык аныкталган, ал эми калган 94үндө клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Жалал-Абад облусу — 112;

Ош облусу — 51;

Баткен облусунан — 49;

Чүй облусу — 26;

Бишкек шаары — 98;

Ош шаары — 32;

Ысык-Көл — 29;

Талас облусу — 16;

Нарын облусу — 7.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 56 170ке жетти. Аймактар боюнча коронавирустун эң көп учуру Бишкекте катталды — 19 718. Ал эми Чүй облусунда — 6 285, Ош облусунда — 6 327, Жалал-Абадда — 6 585, Ысык-Көлдө — 4 436, Ош шаарында — 4 367, Баткенде — 4 951, Нарын облусунда — 1 818 жана Талас облусунда — 1 683 учур катталды.

Ошондой эле, акыркы суткада 227 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Жалал-Абад облусунда катталды — 55, Ош облусунан — 31, Бишкек шаарынан— 39, Ош шаарынан — 19, Баткен облусунан — 32, Чүй облусунан — 20, Ысык-Көл облусунан — 22, Нарын облусунан — 1 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 47 843 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 3 339 бейтап, ал эми үй шартында 3274 киши дарыланып жатат. Инфекция жалпы 1 134 адамдын өмүрүн алды.