Президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлүшү керек

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов президенттикке талапкерлерди көрсөтүүнүн мөөнөтү 15-ноябрда аяктай турганын айтты.

Буга чейин Боршайком президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына дайындаган болчу.

Бекматов учурда уюштуруу иштери жүрүп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле, президенттикке талапкерлерди эки субъект көрсөтө аларына токтолду. Биринчиси, жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат. Экинчиси, талапкерлерди саясий партиялар көрсөтөт.

«Талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлөт. Тиешелүү документтерди талапкерлер 7-декабрга чейин БШКга бериши керек. Талапкерлер кеминде 30 миң кишинин кол тамгасын чогултуп, 3-декабрга чейин тапшырышы зарыл», - деди Бекматов.

Ал ошондой эле, 19-ноябрга чейин шайлоочулардын алдын ала тизмеси добушканаларга берилеерин билдирди.

Сооронбай Жээнбековдун отставкасы

Сооронбай Жээнбеков 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп 5-октябрдан тарта митингге чыккандар тынчыбай койгондуктан жана өлкөдө саясий кризис курчуп кеткендиктен 15-октябрда кызматтан мөөнөтүнөн мурда кеткен.

Жээнбеков бийлигин тапшырып жатып, бийликке жармашпай турганын жана «өлкөнүн тынчтыгы үчүн» ушул кадамга барганын айткан. Ал кызматтан кеткенден кийин ага экс-президент деген макам ыйгарылган.

Автоматтык түрдө дайындалган президенттик шайлоо

Боршайкомдун жетекчисинин орун басары Бекматов мыйзам боюнча президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтогон маалда парламент бир жуманын ичинде жаңы президенттик шайлоонун убактысын белгилеши кажет. Жогорку Кеңеш мөөнөттү бекитпеген шартта президенттик шайлоо автоматтык түрдө белгиленди деп эсептелет.

«Парламент президенттик шайлоонун мөөнөтүн дайындаган жок. Мыйзам боюнча шайлоонун мөөнөтү аяктагандын эртеси күнү мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоонун убактысы дайындалды деп эсептелет. Ошого байланыштуу БШК эки күн ичинде шайлоо мөөнөтүн белгилеши керек. Ошого ылайык, 24-октябрда БШК 2021-жылдын 10-январына президенттик шайлоону дайындады», — деди ал.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров 25-октябрда Кочкорго болгон иш-сапары учурунда президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин билдирди.

Жапаров декабрь айынын башында кызматын тапшырып, президенттик шайлоого «катардагы адам катары» катышаарын айтты.

«Шайлоодон өтсөм сиз айткандай ажо болом, өтпөсөм сиздердин араңыздарда жөнөкөй эле жаран бойдон калам», — деди ал.

Анткен менен Боршайкомдун талабы боюнча президенттикке талапкерлер 15-ноябрга чейин көрсөтүлүшү керек. Балким бул талаптан улам Жапаров мамлекет башчысынын милдетин аткаруудан декбарга чейин эле баш тартышы дагы ыктымал.